Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Райкан Алкановдун ак мээнеттен куралган чыйыры

Райкан Алкановдун ак мээнеттен куралган чыйыры

25-февраль, 20:13
1 127 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул жалганда адам өмүрү Жараткан тарабынан берилген “насыядай” көрүнөт. Ошол өмүр деген “насыяны” ким кандай пайдаланат, өстүрүп-өнүктүрүп, артында из калтырып, эл-журтуна ак кызмат менен атагы калабы же ат кечип өткөн өзөн суусундай изи да жок, өзү да жок ың-жыңсыз билинбестен кете береби – анын баары “өмүр-насыянын” ээсинин бул жарык дүйнөдөгү өз тагдырынан жеңип алып, жашап өткөн жылдарына байланыштуу болот. Ушул багыттан алып караганда, мындан бир жыл илгери дүйнөдөн кайткан таалим алчу тагдыр буюруп, ак мээнеттен куралган 91 жылдык өмүрүн эл-журтуна ак кызмат өтөөнүн үлгүсү катары көрсөткөн агабыз Райкан Алкановду эскерүү иретинде кеп учугун улагыбыз келет. 

Ал тагдырдын буйругу менен онунчу классты Бишкек шаарындагы №5 кыргыз орто мектебинен бүтүргөн. Ал кездеги жаштардын көпчүлүгүнүн “Москвадан, Ленинграддан окусак” деген тилеги болгон. Бишкектен деле окуса болмок, бирок ал учурда Фрунзеде негизинен мугалимдерди даярдаган бир эле институт бар эле. Ошондон улам анын “инженер болсом” деген тилегин №5 мектептин ошол кездеги окуу бөлүмүнүн башчысы, мыкты педагог Рудаков да колдоого алып, Москвага жөнөткөн. Ошентип туз буюруп, Москва эт жана сүт өнөр жай технология институтунун механикалык факультетине өтүп, окуп калды. Институтта окуу менен катар ал СССРдин эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) Кыргыз павильонунда экскурсовод-нускоочу болуп да иштеп жүрдү. ВДНХдагы анын иши Кыргызстандын Москвадагы өкүлчүлүгү менен тыгыз байланышта болгондон улам, кийинчерээк Кыргыз ССРинин эл чарбасын материалдык-техникалык жабдуу боюнча комитетинин Москвадагы бөлүмүнө өз адистиги боюнча 1962-жылы инженерликке чакырышты.

 Райкан аганын Кыргыз ССРинин Москвадагы техникалык жабдуу бөлүмүндөгү кызмат тепкичтерин басып өтүү жолу да оңойго турган жок. Ал кезде тартип да, жоопкерчилик да күчтүү болгон. Тыным албай күнү-түнү жумуш менен алектенип, баштаган ишти аягына чыгармайын жанын жай алдырбай, күжүрмөндүүлүк менен иштеди. Кээде бир айлап Сибирге чейин командировкага барып, республиканы курулуш материалдары менен камсыздоо маселесин чечип, жүз миңдеген кубометр жыгачты, темир жабдууларды темир жол аркылуу Кыргызстандагы өндүрүш жана курулуш объектилерине жиберип турду.

Госснабда иштеген үч жыл ичинде ал инженерликтен бөлүм башчылыкка, анан 1967-жылы начальниктин орун басары, ал эми 1971-жылдын 18-майынан тартып Кыргыз ССРинин Москвадагы материалдык-техникалык жабдуу башкармалыгынын начальниги болуп иштөөгө ишеним көрсөтүлдү.

1965-85-жылдарда Бишкек шаарында чоң курулуштар бүткөрүлдү. Шаарда жашоочулардын саны ыкчам көбөйүп, 5-9 кабаттуу турак жай кичирайондору курула баштады. Алардын баарын жыгач, тактайлар, темир жабдуулар менен Райкан аке жетектеген Кыргыз ССРинин Москвадагы техникалык жабдуу башкармалыгы үзгүлтүксүз жабдып турган. Мындан тышкары, цирктин курулушу, филармония, кыргыз, орус драмтеатрлары, “Нарын” рестораны, “Ош” базары сыяктуу ондогон чоң объектилерди да курулуш материалдары, ички-тышкы жасалгалар, жыгач менен камсыздап турган. Ошол кезде «Манас» аэропортунун, Акүйдүн (өкмөт үйүнүн) курулуштары, азыркы Ала-Тоо аянтынын тегерегиндеги чоң эмгек жумшалып бүткөрүлгөн көз жоосун алган имараттар бүгүн да эң мыкты көөнөрбөс мурас. Ошол курулуштардын баарына Райкан Алкановичтин да салымы болгондугуна биз бүгүн сыймыктансак болот.

Ошол жылдарда Кыргызстандын мамлекет жана өкмөт башында турушкан Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Болот Мамбетов, Акматбек Сүйүнбаев, Апсамат Масалиев, Апас Жумагулов менен ал тыгыз байланышта иш жүргүзгөн, турмушка көзү каныккан, көп тажрыйба топтогон. Ал кездерде ар жыл сайын Кыргыз Республикасына өнөр жай, айыл чарба шаймандарын, тетиктерди, техникалык жабдууларды убагы менен жөнөтүп туруу республиканын экономикасын көтөрүүдө, өнөр жайы менен айыл чарбасын өнүктүрүүдө чечүүчү мааниге ээ болгон. Окуу куралдарын, окуу фильмдерин, көрсөтмө куралдарды, маданият үйлөрүнө тийешелүү жабдууларды Кыргызстанга жөнөтүүнү уюштуруу да Райкан Алканович жетектеген жумушу болчу. Москвада иштеген жылдар жогоруда айтканыбыздай, такшалуунун, атуул катары эл кызматын аркалоонун кандай жооптуу жана сыймыктуу экенин аңдап-түшүнүүнүн мезгили эле. Бул жылдары ал адам болуунун, Ата журтка ак кызмат өтөөнүн дагы бир чоң мектебинен өткөн. Ал убак жакшы адамдарга жанашуунун, өрнөгүн, таалимин алуунун мезгили эле. Кыргыз элинин залкар уулу Ис­хак Раззаковдун өзүнө берген таасири айрыкча күчтүү болгон. Хрущев заманында ал киши жалган күнөө менен Кыргыз Республикасынын биринчи жетекчилик кызматынан бошотулуп, СССРдин Госпланында иштеп турганда партиялык уюму бир болгондон улам, анын жүрүм-туруму, кеп-сөзү чыныгы атуулдугун, эли-жерине ак кызмат өтөөнүн өрнөгүн көргөзгөн. “Ырыс оошот, жакшылык жанашат” деген туура экен. Исхак агасынан алган жакшылыктын ошондой ак жолу Райкан Алкановичтин кийинки ишмердигинде да жашыл жарык берди. Москвада 33 жыл жооптуу кызматтарды аркалап, 1983-жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз ССРинин мамлекеттик жабдуу-тейлөө бөлүмүнүн калдык сырьелорду жыйнап, кайрадан иштетүү боюнча структуралык тармагы катары эсептелген «Кыргызвторресурстар» өндүрүштүк бирикмесин жетектеп турган. Ал кезде Кыр­гыз Республикасынын мамлекеттик жабдуу-тейлөө бөлүмүнүн курамында болуу менен өндүрүштүк бирикме калдык сырьелорду жыйноону жана кайра иштетүүнү бүт республи­ка боюнча камсыздап турган.

Өндүрүштүк бирикме токсонунчу жылдарда линолеум үчүн негизди даярдап, жашылча-жемиш салынуучу полиэтилен идиштерин чыгара баштайт. Башкы ишкана Бишкекте жайгашып, республиканын облустук борборлорунда жана шаарларда анын ошондой эле өндүрүштү өнүктүргөн ишканалары болгон. Экономикалык өзгөрүүлөрдүн башталганына жана Кыргызстандын рынок мамилесине өткөнүнө байланыштуу «Кыргызвторресурстар» өндүрүш бирикмесинин да менчиктик формасы өзгөрдү. Кыр­гыз Республикасынын «Мамлекет­тик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана приватташтыруу» мыйзамына ылайык бул өндүрүштүк бирикме да ишкана жамаатынын менчигине айланды. 1997-жылы укуктук мураскорлук жоопкерчи­лиги чектелген «Алканов жана ком­пания» коомуна айланып, бул коом жеке менчик ишкана деп аталуу менен жетекчиликтин туура саясатынын аркасында ийгиликтүү өсүп-өнүгүп келди. Айрыкча соода иштерин өркүндөтүү экономиканы чыңдоого чоң утуш, түрткү берди. 

Таң заардан кызыл күүгүмгө чейин кайнаган турмуш. Базар ичи күн сайын куду кумурсканын уюгундай азан-казан элге толуп, күрү-күү болуп турганы турган. “Иштин көзүн билсең каалаганыңа жетесиң, түйшүгүң катуу болсо татканың да таттуу эмеспи” деп Райкан Алканович көп айтчу. Оор жүктү жеңилдей көтөрүп, жумуштун нугун таап, башкара да билүү керек. Жеңил-желпиликке кызыкпай, көздөгөн максатыңа бек туруп, баштаган ишиңди өжөрлүктө алдыга жылдырсаң, аягына чыксаң, эмгегиңдин үзүрүн көрөсүң. Ал эми өзүндө ишкердик сапат, туруктуулук, бүйрөлүк болбосо, ишиңден да натыйжа чыкпайт. Жакшы нерсе оңой менен жаралбайт. Күн тынымынан, түн уйкусунан безген түйшүктүүлөр гана өз эмгегинен баар табат...

Райкан Алканович элдин бүгүнкү турмушу, эртеңкиси тууралуу көп ойлонгон. Ким болбосун аракеттенип эмгектенсе, “кедей” деген кемсинткен сөздөн сөзсүз арылат. Бүгүнкү күндө алты саны аман адамдын ке­дей жашашы – жалкоолугунун гана натыйжасы. Азыр иштеткенге ар кимдин менчик жери бар. Мал бакканга кенен жайыты бар. Ал гана эмес, орто жана кичи бизнести өнүктүрүп, “турмушун оңосун” деп микрокредиттер ким каалашынча берилүүдө. Аракеттенген эле адам анын акыбетин көрүп, турмуш-жайын оңдоп алары ачык. Албетте, алдан-күчтөн тайыган кары-картаңдар менен ата-энесиз балдар жардамга муктаж. Райкан Алкано­вич аларга өз учурунда дембе-дем жардамын, камкордугун көргөзүп, үзбөй көмөк берип келген колу ачык адам эле. Жылына бир миллион сомго жакын каражат кары-картаңдардын, согуштун ардагерлеринин муктаждарына сарпталып турган. 

Дегинкисиндебизди тарбиялап өстүргөн, эрезеге жеткирген аталарыбыздан бир нерсени аёого болобу?” деп көп айтчу эле Райкан Алканович. Ата мекен, айылда калган биз өңдүү бала-бакыранын бейпилдиги үчүн каны-жанын аябай душ­ман менен салгылашкан ардагер аталар алдында биз карыздар эмеспизби? Ал эми кечээги эле Баткендеги коогаланда эр жүрөк уулдарыбыз мекен чегин коргоп жатып кырчындай өмүрүн кыйышпадыбы. Ар-намысын алдырбаган мындай азаматтардын арбагына таазим этип эскерүү – тирүүлөрдүн атуулдук парзы эмеспи. 

Өлкөнүн чегинде турган жоокер жигиттердин патриоттук сезимин көтөрүүнү көңүлүндө бекем түйгөн Райкан Алканович өз учурунда Баткен аскерлерине беш жүз элүү миң сом демөөрчүлүк көмөк берди. Ошондой эле 2000-2014-жылдарда Кыргыз Республи­касынын согуш, эмгек жана коргоо күчтөрүнүн кеңешине, Ленинград курчоосунда болгондордун кыргыз коомуна, Кыргыз Республикасы­нын «Ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмесине” 758500 сом, Талас районундагы «Жаңы тур­муш» айылдык мектебин курууга 200000 сом, мамлекеттик спорт комитетине, бокс федерациясы, кикбокс, олимпиадалык, эл аралык жана башка оюндар менен мелдештердин катышуучуларына 815000 сом, Чолпон-Атадагы эл аралык саммитке 150000 сом, Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда жапа чеккен үй-бүлөлөргө 100000 сом, Бишкектин 125 жылдыгына арналган телемарафонго 100000 сом, Жазуучулар союзу, республиканын атактуу маданият ишмерлеринин юбилейине 209500 сом, Токтогул районундагы Т.Сатылганов атындагы музейдин ремонтуна 100000 сом, Талас, Ысык-Көл облустарынын ар бирине 50000 сомдон жана башка көптөгөн уюм-мекемелерге, жалпы өлчөмү беш жарым миллион сомго жакын демөөрчүлүк иштер жасалган.

Райкан ага кыргыз спортунун күйөрманы болгонКыргызстандагы улуттук «Көк-бөрү» федерациясынын вице президенти, Талас облусунун «Көк-бөрү» федерациясынын прези­денти, Кыргыз улуттук бокс феде­рациясынын вице-президенти, согуштун, эмгектин жана КР Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Ев­разия экономикалык уюмунун башкатчысы Г.А.Рапопотанын экономикалык маселелер жаатында Казакстан жана Кыргызстан бо­юнча кецешчиси, «ЕврАзЭС – Кыргызстан» ишкердик кеңешинин ас­социация башкармалыгынын төра­гасынын орун басары, Координациялык кеңештин мүчөсү катары ко­омдук иштерди да жоопкерчилик менен аткарып келген. Ата мекенине сиңирген эмгеги үчүн «Даңк» медалы жана көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган, республиканын эл чарбасын реформалоодогу конкреттүү иштери үчүн Болот Мамбетов атындагы сыйлыктын лауреатын алган.

Бизнес – татаал да, жооптуу да иш. Өз учурунда Райкан агага ишкананы бутуна жакшылап тургузуу үчүн эмгек жолунда жыйналган тажрыйбасы жардам берди. Совет мезгилинде алган тажрыйбалар акционердик коом, кирешелүү чоң ишкананы ачууга жол ачты. Ишкердиктин өрүнө улам кадам таштаган Райкан ага Россиянын дары-дармек чыгаруучу бир нече заводдору менен алака түзүп, республиканы дары ме­нен камсыздоочу «Жашфарм» коомун түздү. Ошондой эле курулуш материалдарын даярдоочу, эмерек жасоочу «Жорголот» коомдук бирикмесин ачты. Анын турмушта тутунган принциби – бараткан багыттан чегинбөө, артка кайтпоо, баш­таган ишти чечкиндүүлүк менен бүткөрүү. Бизнестин талабы ушундай. Жакшы бизнесмен жаманды жакшы кылат, бүлүнгөндү бүтөйт, айрылганды жамайт, бузулганды оңдойт. Эгемендиктин жылдарында канчалаган бүтүлүү ишканалар тонолуп кетти. Ошолорду жандандыруу, өксүгөн өнөр жайын калыбына келтирүү бүгүнкү ишкерлердин колунда экенине чоң ишеним артчу. 

“Атан өлсө тайлак бар, кому жерде калган жок” деген сөз бар элибизде. Райкан агабыздын көзү өтүп кетсе да, бүгүнкү күндө анын уулу Чыңгыз Алканов ата жолун татыктуу улап, республикабыздын чегиндеги жаш жана келечектүү ишкер катары эл ичинде таанылып, ак мээнети менен курап, атасы түптөгөн ар тармактуу кубаттуу компанияны өнүктүрүп өстүрүп, жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн күжүрмөн ак кызматын эң мыкты аткарып келе жатат. 


Зарлык Асанов


Райкан Алкановго!


Бир иш жок ушул адам бүтүрбөгөн,

Орой дейт анын сырын түшүнбөгөн.

Жалкоого, жалганчыга камчы үйрүгөн,

Кызык жан жазгы суудай күпүлдөгөн.


Чыдабай ууру, бузук кескилерге,

Аларды аз-аз калат тепкилээрге.

Таласча энесинен баштап сөгүп,

Жеткирет андайларды жетчү жерге.


Көралбас, ичи тарлар жамандашат,

Коркоктор көргөндө эле алаңдашат.

Чак түштө сөккөн менен жалкоолорду,

Кечинде кучакташып саламдашат.


Карасаң карегиңдей сен ишиңе,

Кубанып аз-аз калат эришине.

Иш билбес наадандарга жаны кейип,

Бакылдап батпай кетет терисине.


Ачык жан, сырын ичке жашырбаган,

Жакшыга ак жеринен асылбаган.

Кыскасы, анык кыргыз жүрөгү ак,

Райкан күпүлдөгөн, бакылдаган.


Төлөгөн Мамеев, Кыргыз эл акыны  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер