Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайрат Маматов: “Шайлоого 25% эл катышарын күтүп атабыз”

Кайрат Маматов: “Шайлоого 25% эл катышарын күтүп атабыз”

03-июль, 08:30
1 811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен маек.

-- Жергиликтүү жана шаардык кеңештерге болгон өткөн шайлоодо мыйзам бузуулар арбын катталып, жыйынтыгын баарыбыз көрдүк. Учурдагы аракеттерге токтоло кетсеңиз?

-- Үгүт кампаниясы ортосуна жетип калды. Бирок, бул жагы баштала электе эле Бишкек шаардык мэриясы, тийешелүү органдар менен отурум өткөздүк. Анда саясый партиялардын өкүлдөрүнө эскертүүлөр берилди. Ага ылайык, эгер кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, шайлоого чейин эле талапкердин же саясый партиянын үстүнөн чара көрүлөт. Башкача айтканда, алар шайлоодон алынып салынат. 

-- Саясый партияларда, алардын өкүлдөрүндө шайлоого карата кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгону байкалып атабы?

-- Өзгөрүүлөр бар. Көбүнчө өткөн шайлоонун жокко чыгарылышына байланыштуу талапкерлердин көбү өз каалоосу менен кайра шайлоого катышуудан баш тартышты. 

-- Шайлоо өнөктүгү үй комитеттери, квартальныйларсыз жүрчү эмес эле. Мында кандай болуп атат?

-- Алар менен мэрия иш жүргүздү. Эскертүүлөр берилип, шайлоого иштебей тургандыгы жөнүндө тил каттар алынды. 

-- Эми ушул жана башка тыюулар ишке ашып, шайлоо мыйзам бузууларсыз өтсө, шайлоочулардын активдүүлүгү кескин азайып кетпейби?

-- Ал боюнча айта албайм. Бирок 25%дын тегерегинде болот го. Анүстүнө азыр жай мезгили болуп, пандемия да күчөп атпайбы..


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер