Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самара Каримованын боёнбогон жүзүн жактырып калып, түнү туйлайм...

Самара Каримованын боёнбогон жүзүн жактырып калып, түнү туйлайм...

14-май, 21:00
1 141 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Самара Каримовага!)

Башында бул ырчы жакчу эмес. Аябай боёнгонун көрүп, чалкаман кете жаздагам. Кийин бир чайканадан көрүп калсам, баткендик эле одуракай кыз экен. Бетине краска сүртпөсө нукура кыргыз айымынын жүзүн берип турганын, өзгөчө жылуулугу бар экенин эшиттим. Учураштык. Жайдары маанайда. Оозун, көздөрүн “жасатканын” байкадым. Гүлдөй ачылгысы келет да... Ошентсе да бетинин таза териси майлуу, энергия чачып турганы түйшөлттү. Ошол көргөн күндөн бери түнү уктай албай туйлап чыгам. Кээде түшкө кирет. Таңгалам. Ушундай бактылуу кызга үйлөнбөй калганыма өкүнөм. Аялым менен коштошкондон бери жанкурбу таба албай, санаага батып келем. Эми Самара айымга аракет кылганда эмне? Анын 23 жаш улуу күйөөсү, балдары бар экен. Мен эми Самара Каримовадай жубай табышым керек. Ош, Баткенде барбы? Ал жактын кыздары Ысык-Көлгө турмушка чыгышса, бейишке келгендей жыргашчу эле. Эмесе байкайын...


Калыс, Чолпон-Ата шаары 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер