Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Байкушмун” деп үйүмө кирип алып, күйөөмдү ээлеп алыптыр...”

“Байкушмун” деп үйүмө кирип алып, күйөөмдү ээлеп алыптыр...”

01-сентябрь, 19:55
1 953 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жолдошум менен бирге жашаганыбызга он сегиз жылдын жүзү болду. Бирге түтүн булаткандан тартып жашоонун катаал күндөрүн чогуу тартып, бир туугандай болуп калганбыз. Бири-бирибизди көз караштан окуп турабыз. Беш жылдан бери короого майда батир салып, ага квартиранттарды киргизип келебиз. Өткөн карантин учурунда бир келин үч баласы менен көчөгө чыгып калганынан алып келип бекер киргизип, тамак-ашынан бери камсыздап келгенбиз. Үйүмө конок келсе чуркап келип идишимди кармаша калып, ал келин менен жакшы мамиледе болуп калгам.

Кээде арманын айтса кошо ыйлап, колумда болуп калса балдарына кийим-кечеден бери алып бере калчумун. Көрсө, мындайлар жылан болот экен. Мени алдап батириме кирип, болушунча бактырып, күйөөм менен интим мамиле куруп жүрүптүр. Аны кокусунан билип калдым. Эми айтсам, “мени батирден чыгарам деп ойлобо, болбосо журналисттерди чакырып, “мени кыйнап кармап, зордоп жүрөт” деп айтам” деп беттырмачылык кылып жатат. Андан да кошуна батирдеги келинден акча алыптыр, эми аны да бизге төлөткүсү келип жатат. Мындай өзүн байкуш көргөзүп, адамды күйгүзгөн жыландан кантип арылсам болот?

Мира
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер