Имамидин Ташов өлгөндөрдөн пиар жасаганды токтотпойбу?
“KG групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов шоу жылдыздарынан кем калышпай эле шадыраңдап баратат. Баскан турганынан, кыбыр эткенинен бери чагылдырып, мактана берет экен.
Журналист Улан Эгизбаев сууга чөгүп өлгөндө, анын үй-бүлөсүнө квартира бере коюп, бүт Кыргызстанга жар салган. (Ортодон желектерди туш келди илдире салып, жарнамалап жатып калмай да жайы бар.) Жакында коронавируска каршы күрөшкөн Адинай аттуу баатыр кызыбыз өтүп кеткенде, ага да үй берип, бул “эрдигин” болушунча дүңгүрөттү. Шарыяттан мисал келтирсек, эгерде сен кайрымдуулук же берешендик иш кылсаң, аныңда элге жайып, мактанбашың керек. Дал ушул жагын Ташов кулагына таштай түйүп алышы зарыл. Өлгөндөрдүн артынан пиар жасабай эле койбойбу? Андан көрө “KG групптун” үйлөрүн чала бүтүрбөй, сапаттуу жумуш жасаса не? Кардарлардын баарын качырып, артынан сөз ээрчите берүү кимге опо?..
Aryba.kg