Таштанбек Кожогулов: “Бишкекте бак-дарактар оорукчан, мэрия кайдыгер”
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча «Шербото» жаратылыш коомдук фондунун директору Таштанбек агабыз биз билгенден ар дайым ордо калаабыздагы бак-дарактардын азайышына, куурап жок болуп атканына күйүп-бышып жүргөнү жүргөн. Бу жолу да аябай тынчсызданып атканынан кабар алдык.
-- Таштанбек ага, эшикте кыш мезгили. А сиз болсо дале ордо калаадагы уктап жаткан бак-дарактарга кайдыгер эмессиз...
-- Дүйнө жүзү жашылдандыруу жагына баа берип, өзгөчө мамиле жасап, жаратылышты сактап калуу аракетин көрүүдө. Анткени, бак-дарактардын адамга жана айлана-чөйрөгө кылган кызматы жогору экенин билишет. Бир дарак бир жылда 700 кг кычкылтек бөлүп чыгарат, 100 000 м3 абаны фильтрлейт жана 80 кг зыяндуу затты тазалайт, анын ичинде азыркыдай шаарды каптаган ышты да. А Бишкекте болсо бак-дарактар оорукчан, сапатын жоготкон, өздөрүнүн формасын араң кармап турат. Бишкек шаарын жашылдандыруу чоң илим жана маданият, элдин куту, ырыскысы жана ден соолугу экенин биздин мэр жана мэрия кызматкерлери билсе да билмексенге салууда, кайдыгер, же ар кандай болбогон шылтоолор менен алек.
Парктарды жана шаарда өскөн бак-дарактарды көркөмдүү, кооз, адам суктангандай, азыркы мезгилдин талабына ылайык өзгөртсө болот. Бирок Бишкек шаарынын бийликтеги шабашниктери жол бербейт. Бул карандай чындык. Эмен (дуб) бактары 1000 жыл жашайт. Украинада 650 жылдан бери жашап келе жаткан эмен дарактары бар ж.б. көп жыл жашаган бак-дарактар арбын. Бишкек жашылдандыруу мекемеси «бак-дарактар карыды. 60-80 жыл эле жашайт» деп телевизордон калп айтышат, антпей эле “көп жылдар аралыгында сугат менен толук камсыз болгон эмес” десе туура болмок. Мен эмнеге чыйпылыктайм? Себеби, Бишкекте бак-дарактар жакынкы аралыкта жок болуп кете турган негиз жана коркунуч бар экенин билем. Эгемендүүлүк алган жылдардан кийинки президент, өкмөт, парламент, Бишкек шаар бийлиги, шаар кеңеши борбордо иштеп, көрүп-билип туруп, эч кимиси чечкиндүү жыйынтык чыгарган жок.
-- Азыркылар дагыбы?
-- Азыркы вице-мэр Жамалбек Рысалиевдин берген мааалыматына таянсак, Бишкек шаарына отургузулуучу көчөттөрдүн түрлөрү КР илимий-изилдөө институтунун Гареев атындагы ботаникалык бакчасынын көрсөтмөсүнө ыйлайык жүргүзүлөт экен. Берген көрсөтмөлөрүнө макул эмесмин, каршымын. Ботаникалык бакчанын түбүнө жеткен илимпоздордон эмне күтсө болот? Э.Гареев атындагы бакча Ахунбаев жана Горький көчөлөрүнөн орун алган, 150 гектар жерди ээлейт. 80-90% бактар куураган же сапатсыз. Мындай абалга түшкөнгө негиз жок болчу. Бул эки ботаникалык бакчага суу жагынан кыйынчылык жок, жанынан өткөн каналда суу үзгүлтүксүз агып турат. Гареев атындагы бакчага чоң салтанат менен биздин президент, чиновниктер, өкмөт жылда ишембилик кылышып, көчөт отургузушат, натыйжада, илимпоздордун көзөмөлү жок, ал көчөт же оорукчан болуп, же куурап калат.
-- Сиз Гареев атындагы ботсадга катуу чабуул кылдыңыз го?
-- Ботсаддын директору Гүлайым Дөңбаеванын «Шелковый путь» гезитине жарыяланган «Второго такого ботанического сада не будет» деген макаласын окудум. Ашыкча көрсөтмөлөрдү берип мактаптыр, бирок ботсад боюнча келечектеги ой-пикирине, алгылыктуу долбоорлоруна кошулам, колдойм. Ийгилик каалайм! Жаңы ботсаддын долбоорун чет эл колдогону жакшы, бирок каражатына кызыгып, өз эрежеси боюнча өстүрүп, коргоп кала турган илимпоз бар экенине ишенбейм. Ботсаддын жерин берип ийбесеңиз болду. Гүлайым, кыргыздарды жолотпойсуң, билем. Жардам берип, көчөт көбөйтөлү десек, мурунку академиянын президенттеринин катын эске албай, окумуштуулар кеңешинин протоколун, мурунку ботсаддын директорлорунун келишимин четке каккансың. Сиздин ким экениңизди да билем. Ботсадды сактап калыш кыйын, аны да билем. Суранарым, ботсадда өскөн жапайы свидина деген кустарниктерди Бишкек шаар жашылдандыруу мекемесине жив-изгородго бербегилечи! Эмне бергениңерди билем, уялам, стандартка жооп бербейт. Шаарды шылдың кылбагылачы! Көчөттөрдү сүрөттөн көрүп жүрүп, директор болуп калгандарга күлкүң келет.
-- Айтсаңыз, шаарда жыл сайын ар кайсы көчөттөрдү отургузушат, бирок алар куурап калат... Эмне кылуу керек?
-- Союз убагында “Зеленхоздо” көчөт өстүрүү үчүн 700 гектар жерде питомник болгон. Келген шаар мэрлери чекеси тердегенче сатып отуруп, болгону 42 гектар жер калды. Көчөт өстүрүү зав-питомник штатын жоюп салышкан. Андан көрө көчөттөрдү ар кайсы колдон, чет элден алган кирешелүү вариант. Эгемендүүлүк алгандан кийин жылда жазында миллионго жакын бак-дарактар отургузулат, мезгили менен куурап калат. Шаардын билинбеген мыйзамы боюнча арпа, буудай сыяктуу көчөттөр жылда куурап турууга милдеттүү. Бирок, Бишкек шаарына отургузулган көчөттөр союз убагында мыйзам боюнча жазда отургузулганына күздө кой санагандай санак жүрчү, комиссия түзүлүп, инвентаризация болчу, «канча пайызы бар? Куурап, кароосуз калганы болдубу?» деген эсеп-чот ревизия жүрүп, обход жаз-күзү тыкыр көзөмөлгө алынчу. Азыр мен билгенден мындай иш-чара жүрбөйт. Кайсы мэр келсин, “Зеленхоз” ошонун менчиги, мамлекеттин эч кимисине жооп бербейт. Ушундан улам шаар мэри эл тарабынан шайланса жакшы болмок дегим келет. Илгерки союз убагындай алдыңкы орунда турчу жашыл Фрунзе шаары жок. 30 жыл аралыгында болгон Бишкек шаар бийлиги элдин, мамлекеттин кызычылыгын таптакыр ойлобой койду. Эгер шарият мыйзамы чын болсо, сурагы келгенде мэрлер түптүз, кезексиз түрдө тозокко барчу адамдар болот экен. «Уялсаңар боло?! Намыс кайда?! Борборду бак-дарагы жок, жайдак токол шаарга айлантып, эмне таптыңар?» дегим келет айла жоктон!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити