Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Соңку жылдары мамлекеттик сыйлыктар көп берилип, барк-баасы кетип аткан жокпу? Мораторий жарыялоого кандай карайсыз?

Соңку жылдары мамлекеттик сыйлыктар көп берилип, барк-баасы кетип аткан жокпу? Мораторий жарыялоого кандай карайсыз?

09-январь, 09:00
797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ташболот Балтабаев, экс-депутат:

-- Эчак өлгөн адамдар баатыр болуп атканын айтпайсыңбы? Оңго-солго наамдардын чачылганы баркын кетирди. Сыйлык берүү бийликтин популизми болуп калды. Кыскасы, арзанчылык ушул сыйлыктарда эле калды окшойт.

Эсенгул Исаков, экс-депутат:

-Акыркы жылдары сыйлыктарды оңду-солду бере берип, баркын кетиришти. 2012-2013-жылдан баштап сыйлыктарды татыктуусу да, татыксызы да ала баштады. Эл баа берүүдө, анан нааразы болот экен. Өзгөчө сыйлыгыбыз болгон “Манас” орденин ар кимге берип, кадырын кетирип жатышат. Негизи наамдар татыктуусуна берилбегенден кийин мораторий деле жарыялап койгон оң окшойт го... 

2015-жылы Мухамметкалый Абылгазиев соцфондду жетектеп турганда, “өзгөчө эмгек үчүн” деген мыйзамды кайра кароо үчүн парламентке алып келген, мен каршы чыгып, өз аргументтеримди айткам. “Иштеги артыкчылыгы үчүн алган медаль, ордендерге пенсияга чыкканда кошумча акча кошулуп берилбесе, анда темир-тезек берип, сыйлап не кыласыңар? Силер берген мамлекеттик наамдар кантип стимул болот? Сыйлык алганы үчүн кошулуп берилүүчү каражатты жокко чыгарсаңар, анда акчалай каражат берилсин деген маселени көтөргөм. Көрсө, ал мыйзамды жокко чыгарбай эле мораторий киргизип коюшкан экен. Аны эми билдим.

Төрөбай Колубаев:

-Сыйлыктардын баркын кетирбей, татыктуусуна гана беришибиз керек. Мамлекеттик наамдарды тааныш-билиш менен алганды токтотуш керек. Ар ким жасаган кызматына жараша алышы шарт. Эгер сыйлыктарды татыктууларга гана бергенге чама-чаркыбыз жетпесе, бир канча убакытка мораторий жарыялаш керек. Антпесе, орден-медалдарды татыксыздарга бере берип, элдин нааразычылыгын күчөтүп, мамлекеттик баалуулуктардын кадырын кетирип алабыз.

Турат Мадылбеков:

-- Бу жолу да сыйлыктарды кимдер алганын көрдүк. Үйдө отуруп, эч кандай мамлекетке кызмат өтөбөгөндөр да алышты. Алар мамлекетке сиңген кайсы кадыры үчүн алды экен, же тааныш-билиштик аркылуубу? 

 Жогорку Кеңештин да бир канча депутаттары сыйланышты. Эгер алар кыргыз элине керектүү мыйзамдарды жазып, элдин турмушу оңолушуна салым кошсо, туура эле алыптыр, ээсин тааптыр деп кубаттайт элек. Мага сыйлык алгандардын көпчүлүгү кылган кызматы, сиңирген эмгеги жок эле алып алгандай сезилди. Мындай темп менен мамлекеттик сыйлыктарды бере берсе, баасын, кадырын кетирип салабыз го. Ошон үчүн наамдардын убактылуу берилбей тургандай кылып, мораторий жарыялап койсо деле болчудай.

Рамазан Дырылдаев:

-- Бизде мамлекеттик сыйлык өтө эле көп берилет. Ошон үчүн барган сайын баркы деле жок болуп баратат. Сыйлыктар кайсы кылган кызматы үчүн берилип жатканын билбейсиң. Таңгалганым, бирок ошол орден-медалдарды алганга жанталашкандар көп экен. Чынында наамдар өзгөчө жетишкендик үчүн берилсе баалуу, барктуу болот. Ошол алгандардын тизмесин көрүп, чынында таңгалдым... Ошондой эле “өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” деп УКМКнын уюшкан кылмыштуу топту жок кылганга чоң салым кошкон кызматкерлерин баса белгилеп, ошолорго да берсе болмок. Себеби, УКМК чынында жакшы иштеп, резонанстуу иштерди жасады. Алардын эмгегин баалабай койгонго болбойт. Мына ошолор сыйлык алса, эч ким сындамак эмес. Негизи татыксыздарга ордендерди, кагаздарды бергенче, мораторий деле жарыялап койгон оң.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер