Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чоробек Исмаилов: “Бизде Россиянын морфлоту, аскердик бөлүгү бар. Ал жабык стратегиялык аймак”

Чоробек Исмаилов: “Бизде Россиянын морфлоту, аскердик бөлүгү бар. Ал жабык стратегиялык аймак”

07-июнь, 23:40
1 433 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектешим менен тар чөйрөдө кезигип, бир аз да болсо баарлашып калдык. Чынын айтсам, Кыргызстанда туруп кыргыз керемет жергесинин баарын биле албайт экенбиз. Мени кызыктырганы, кадимки эле Түп районуна караштуу Маяк (СССР тушунда), азыркы Ысык-Көл айылынын да өзгөчөлүктөрү бар экенин Чоробек мырзадан билдим. Анда кеп башынан болсун.

-- Чоробек мырза, эмне үчүн Маяк айылы болуп аталып калган?

-- Союз кезинде азыркы Балыкчы, андагы Рыбачье шаарынан көлдүн ортосу менен Каракол шаарын көздөй пароход каттачу. Баржалар өтчү. Ар кандай айыл чарба продукцияларын, таш көмүрлөр ташылчу. Биздин айылдын ылдыйкы булуңунда суу кемелери үчүн ориентир катары маяк орнотулган. Ошондон улам биздин айылдын аты Маяк болуп калган. Бу жерде 1970-жылдары орустар көп эле. Москванын камсыздоосунда болчу. Кадимкидей СПТУ, балдар пансионаты, лагери, клубдар орус тибинде салынган.  

-- Ушу силердин айылдын бет маңдайында суу алдындагы торпедолорду чыгарчу завод бар деп угуп калгам...

-- Ооба. Биздин айылдын бет маңдайында үч чакырымдай жерде завод бар болчу. Торпедолорду чыгарып, аны далай жолу сынагандарына чала-була күбө болгонбуз. Мындан бир канча жыл мурун орустардын суу алдында жүрчү аскердик “Курск” деген кайыгы көлгө чөкпөдүбү? Ошондогу торпедолорду бизден алып кетишкенин элдин баары эле билет. Толугу менен тастыкталып маалым болгон.

-- Бул торпедолор эмнеси менен айырмаланган?

-- Өзгөчө буюртмада жасалчу. Алар стандарттан кыскараак болгону менен марага абдан таамайлыгы менен айырмаланчу. Жиберген жерине жаза кетирбей тийчү. 

-- Өткөн кылымдын 70-жылдарында айылда эмне чарбачылык менен алек болчусуңар?

-- Бизде баары бар эле: тоок, өрдөк, чочко, индюк, уй, жылкы фермалары. Түп району боюнча 2-орунду бербейт элек. 1-орунда “Победа” совхозу, анан биз. Айылда азыркыдай колоктон жаштарды көрбөйт элек. Баары жумуш менен камсыз болушчу. Бизден күн сайын баржа менен Рыбачье шаарына азык-түлүк кетип турчу. Андан ары союздун ар кыл шаарларына тарачу.

-- Топедо чыккан завод азыр барбы?

-- Завод иштеп атат. Канчалык деңгээлде экенин билбейм. Бет маңдайыбыздагы Койсары деген жерде Россиянын морфлоту, азыркыга чейин аскердик бөлүгү бар. Жабык стратегиялык аймак. Эч кимди жолотпойт. Таң эрте андагы солдаттардын катарга тизилип ашканага баргандары, офицерлердин катуу чыккан үндөрү бизге угулуп турат. 

-- Азыр да торпедолорду сынашабы?

-- Биздин Ысык-Көл торпедолорду сынаганга абдан ылайыктуу көл. Анткени, толкуну кыска, суунун тыгыздыгы менен башка суулардан айырмаланып турат. Торпедолорду сынашат. Болгону аларды биз көп көрбөйбүз. Армиялык окуу болгондо гана бизге билинип калат.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер