Эл көзүндөгү жоолукчан “актриса” төшөккө азгырып, алдап кетти...
Мен Бишкек шаарынын жогор жагындагы тоо аймагында жашайм. Жүздөн ашык жылкым бар. Дээрлик мал чарбачылык жана жер иштетүү менен алекмин. Көп тармактагы досторум келип турушат. Убактылуу бойдок экенимди танбайм... Бул сайтка тааныштарым аркылуу чыгып жатам...
Ушундай кызыксыз абалымды жеңилдетүүнү ойлодубу, кыязы, аз күн мурда полковник досум эки келинди ээрчитип келиптир. Алар жоолук салынган, намаз окуган шекилиндеги айымдар экен. Бирок, досум вино ачса, тартынбай эле ичишти. Алакөөдөн жаным бир козуну көтөрө чалып, союп, конокторду жакшы сыйладым. Өз колум менен куурдак жасап берип. Береги келген жоолукчандардын бири белгилүү “актриса” экенин аягында тааныдым, мен кайран тоодо жүрсөм, кайдагы кинону көрмөк элем?.. Ошентип, жакшы кече болду. Майрамдадык. Кызыдык. Акыры жатып да калдык, өз төшөктөрүбүздү табышып... Көптөн бери катын көрбөгөн жаным “актрисаны” таң атканча минип, озондоттум...
Эртеси баарыбыз жылуу маанайда отуруп, кечке чейин чер жаздык. Жоолукчан мага чындап жакты, назик, арыкчырай, төшөктө да туйлайт экен...
Жашоо кызык да. Ал кетип атканда менден жүз миң сом карызга сураган, жибип кетип берип салгам. Кийинки жумада келе турганын айткан. Андан бери бир ай өттү. Караанын көргөнгө зармын. Анын атын жарыя кылсам, элдин баары тааныйт тура. Эми өзүнүн сыйы менен акчамды алып келип бербесе, жакында ачыкка чыгарам... Ушул Aryba.kg сайтына жоолукчан “актрисанын” атын ачыктайм...
Жылкычы Кайраттын айтканын кагазга түшүргөн Кыян Сары
Aryba.kg