Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “Автоунаа заводу курулганы биз үчүн өтө пайдалуу”

Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “Автоунаа заводу курулганы биз үчүн өтө пайдалуу”

02-март, 21:44
628 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Таалайбек Айтмаматович, быйыл Кыргызстанда Өзбекстан жана Кытай менен биргелешкен автоунаа чыгаруучу эки ишкана курулары айтылууда. Бул ишканалар биз үчүн канчалык деңгээлде келечектүү болот?

-- Бул эки долбоор тең өлкөбүз үчүн өтө пайдалуу. Себеби, биринчиден, жаңы жумуш орундары ачылат. Экинчиден, экономикабыздын өнүгүүсүнө, ар бир жараныбыз ипотекалык кредит жолу менен машина сатып алуусуна шарт түзүлөт. Анан эң башкысы, бизден чыккан автоунааларды кошуна мамлекеттерге гана эмес, алыскы чет өлкөлөргө экспортко чыгарууга да мүмкүнчүлүктөр ачылат.

-- Бирок азыр дүйнөлүк автомобиль рыногунда атаандаштык аябай күчтүү эмеспи. Биздин унаалар алар менен теңтайлаша алар бекен?

-- Ал унаалардын сапатына жараша болот. Эгер баасы арзан, сапаты жакшы болсо, кардарлар Германиядан, Япониядан келген унааларды эмес, биздикин алат. Мендеги маалыматтар боюнча, кытайлыктар электр менен жүрүүчү экологиялык жактан таза электромобилдерди жана шаар ичинде жүрүүчү кичи автобустарды чыгарат экен. Адистердин айтымында, баасы боюнча алар өтө ыңгайлуу. Экинчи жагынан, бизден чыгарылган автоунаалар Бажы биримдигине, ЕАЭБге кирген мамлекеттерге пошлинасы жок кетет. Бул нерсе да алардын өтүмдүүлүгүнө чоң таасирин тийгизет. Өзүңөргө белгилүү, ушул жылдан апрель айынан тарта Россия Федерациясы автомобилдердин реэкспортуна тыюу салганы жатат. А эгер бизде эки завод курулчу болсо, алар чыгарган автоунааларга эч кандай чектөө коюлбайт. Кыскасын айтканда, кайсы жагынан алып карабайлы, бул эки ишкана биз үчүн өтө пайдалуу болот.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер