Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Ниязбеков, ички иштер министри: “Кесипкөй кадрларды даярдоо менен милициянын жаңы образын түзүүгө кызыкдармын”

Улан Ниязбеков, ички иштер министри: “Кесипкөй кадрларды даярдоо менен милициянын жаңы образын түзүүгө кызыкдармын”

31-октябрь, 19:11
6 915 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улан Омоканович, ИИМдин 100 жылдыгын белгилөө иш-чарасы сиз министр болуп турган учурга дал келди. Бул тарыхый окуяны өткөрүү машакатына учкай токтоло кетсеңиз?

-- Баарыңыздарга белгилүү болгондой, жакында 1-ноябрь күнү Кыргыз милициясынын 100 жылдыгын белгилөөнү мерчемдеп, ага карата тынымсыз даярдыктарды көрүп жатабыз. Себеби, 100 жыл – бул өтө салмактуу жана маанилүү тарыхый дата болуп эсептелет. Кыргыз милициясы Кара-Кыргыз автономдуу облусу кабыл алынган мезгилде, 1924-жылы кошо түзүлүп, “Жумушчу милициясы” деген аталышта элибиздин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жардамга муктаж жарандарга көмөк көрсөтүү милдеттерин аткарган. Ошол күндөн тартып бүгүнкү мезгилге чейин өзүнүн милдетин так аткарып, канчалаган оор сыноолорду башынан өткөрүп, бийик ашуулардан, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, элибиздин коопсуздугун көздүн карегиндей бекем сактап келе жаткандыгын баса белгилеп кетмекчимин. 

Кыргыз милициясынын 100 жылдыгын Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында, өлкө жетекчилигинин, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, ички иштер органдарынын ардагерлеринин, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү жана башка коноктордун катышуусунда өткөрүүнү көздөп жатабыз. Параддык жүрүштөн баштап, концерттик программаларга чейин ири масштабдагы абдан чоң иш-чара өтөт. Аны менен бирге милициянын тарыхын чагылдырган, түзүлгөн күндөн тартып, азыркы учурга чейин басып өткөн улуу жолун камтыган ретро көрсөтмөлөр да болот. Бул иш-чараны өткөрүү боюнча ички иштер министрлигинин атайын комиссиясын түзүп, аны өзүм жетектеп, баардык аракеттерди күнүгө көзөмөлгө алуудамын. Анткени, милициянын аткарган милдеттерине баам салып карасак, мекенди сүйүү, эли-жерин коргоо, коомдун тынчтыгы, келечеги үчүн аянбай эмгектенип, керек болсо жанын берүүгө чейинки улуу сапаттар менен жашайт. Ошол сапаттарды калың элдин катмарына, айрыкча жаштарыбызга жеткирип, өз элинин патриоту катары тарбиялоого үндөп, ага жол көрсөтүү вазыйпасын да ишке ашырууга милдеттүүбүз. Жалпылап айтканда, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгын коомчулугубуз жылуу жана жагымдуу маанайда эстеп жүрө турган жагдайда өткөрүүгө ишенем. Учурдан пайдаланып, баардык мекендештерибизди, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын 1-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган концерттик программалардын коштоосундагы чоң иш-чарага чакырып кетмекчимин.   

-- Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл ИИМге караштуу бир топ имараттар курулуп, жаңы автоунаалар, керектүү техникалар алынганына байкоо салып келебиз. Жалпы милиция кызматкерлеринин кем-карчын чечүү түйшүгүнөн кеп салсаңыз?

-- Ички иштер органдарын реформалоонун алкагында натыйжалуу иштерди жасай алдык. Тагыраагы, акыркы төрт жылда бир катар жаңылануулар болду. Ички иштер органдарынын элибизге кызмат өтөө милдеттеринен баштап, материалдык-техникалык базасына чейин өтө чоң өзгөрүүлөргө жетишкенибизди баса белгилейм. 

Эң алгач, ишмердикти жөнгө салган мыйзамдарды, кодекстерди жана ченемдик-укуктук актыларды өзгөртүүгө, милициянын ыкчамдыгын чыңдап, милдеттерин натыйжалуу аткаруусун бир тартипке келтире алдык. Кызматкерлердин төрт мезгилде кийген сырткы формалык кийим-кечесин толугу менен жаңылаттык. Жер-жердеги айылдык, шаардык, райондук деңгээлдеги ички иштер органдарынын ишмердигин жакшыртууну колго алып, акыркы төрт жылда 279 имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңыдан куруп ишке киргиздик. Быйылкы жылды эле алып айтканда, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата 100 жаңы объектилерди ачууну мерчемдегенбиз. Жылдын башынан бир катар жаңы объектилерди ачып, ошол аймактагы коопсуздукту камсыздоону жакшыртууга жакшы шарттарды түзүп келе жатабыз. 

Ушул айдын башында Ош шаарында, Баткен жана Ош облустарында 11 жаңы имараттарды ачып, ишке киргиздик. Аталган аймактарда дагы 10 имараттын курулуштары аягына чыгып калды. Жакынкы аралыкта аларды дагы ачып, ишке беребиз. Ошондой эле Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарында 13 жерде курулуш иштери аяктап калды. Жакынкы мезгилде алардын да ачылышы болот. Калган региондордо да ушуга окшогон курулуш иштери кызуу жүргүзүлүүдө

Аталган 100 объектинин 69 объектиси өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасы менен курулуп жатса, калган 31 объектини өзүбүздүн күчүбүз менен жана коопсуздукка көңүлкош карабаган инсандарыбыздын көмөгүнүн негизинде жүзөгө ашыруудабызМындай саамалыктар токтобойт. Кийинки жылы да ушуга окшогон жүздөгөн курулуштарды улантып, элибиздин коопсуздугун дагы чыңдоону көздөп келебиз. Региондордон тышкары, ички иштер министрлигинин өзүндө да бир катар курулуш иштери жүрүүдө. Анын ичинде: коллегия залы заманбап жабдыктар менен камсыздалып, оңдоп-түзөөдөн өтүп атат. Ошондой эле Кыргыз милициясынын тарыхын чагылдырган жаңы музей курулууда. Буюрса, алдыбызга койгон иш-чараларыбызды жыйынтыктап алсак, мен ойлойм, биздин кызматкерлерге эле эмес, жалпы элибизге дагы жакшы шарттар түзүлөт. Эң башкысы, Кыргыз милициясы элибиздин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында өзүнө жүктөлгөн милдеттерин талыкпастан аткара бербекчи. 

Укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында аймактык ички иштер органдарына мамлекет тарабынан жана ошондой эле демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ички иштер министрлигинен бөлүктөрүбүзгө жана регионалдык кызматтарга автоунаалар таратылып берилди. Алсак, 2021-жылы ИИМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында 82 даана автоунаа, 2022-жылы дал ушундай эле максатта 144 даана автоунаа таратылган. 2023-жылы ИИМдин ишин илгерилетүүнү андан ары бекемдеп, 231 автоунаа, 2024-жылдын тогуз айында 245 автоунаа ыйгарылды. Ички иштер министрлигинин автопаркы 2009-жылы 45-50% жасалып, андан бери жаңыланган эмес. Биз 2021-жылдан баштап акырындык менен жандандырып отуруп, азыркы тапта 90% автопаркы жаңыланды. Жалпылап айтканда, акыркы төрт жыл ичинде ИИМ тарабынан 800гө чукул автоунаалар коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүү максатында жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине таратылып берилди. 

-- “Коопсуз шаар” долбоору толук кандуу качан ишке кирет? 

-- Биздин максатыбыз: элибизге коркунуч жараткан факторлорду, келечек муунга терс кесепетин тийгизген көрүнүштөрдү, коомубузга зыян алып келген кылмыштарды болтурбай, аларды токтотуп, аныгында түп-тамырынан бери жоюшубуз керек. Кылмыштардын бетинин ачылуусуна гана басым жасап, ошону менен чектелбестен, кылмышы жок коомду түптөшүбүз зарыл. Ошол себептен, президентибиз ички иштер министрлигине жогорку ишеним көрсөтүп, “Коопсуз шаар” системасын өткөрүп берди. “Коомубуз кылмыштардан арылсын, карапайым адамдар жапа чекпесин, кырсыктардан жабыркабасын, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп турса, эл аралык ири инвесторлор келип, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө жакшы шарттар түзүлсүн” деген аруу тилек менен аталган долбоорду жайылтууга мүмкүндүк берилди. Өз кезегинде “Коопсуз шаар” долбоорун “Коопсуз өлкө” баскычына өткөрүшүбүз зарыл. Бул принципиалдуу маселе жана буга үстүртөн мамиле жасоого жол берилбейт. Анткени, эл бизди карап турат. Сыноодобуз. Ошондуктан, коопсуздук тармагы күндөн-күнгө жакшырып, жылдан-жылга өнүгүп, өсүү жолуна өтүшү абзел. Убакыт аз, бирок талаптар көп. Ошол аз убакытта, бизге коюлган милдеттерди так аткарып, элдин сын-пикирине кабылбай, сыймыгына татыктуу болууга басым жасап, иш алып барабыз. Баардык жумуштар аяктагандан кийин аны республиканын дээрлик аймактарына жайылтуу процессине өтөбүз.  

-- Милиция кызматкерлерине УКМК тарабынан ашыкча үстөмдүк жасалып жаткан жокпу? “Контордогулардын” мыйзам бузгандары болсо, ИИМ деле кармоолорду жүргүзсө болбойбу?

-- Эч кандай ашыкча үстөмдүк кылган жери жок. Бул багыттагы кылмыштарды айрыкча Аскер прокуратурасы тергейт. Негизи ИИМ менен УКМК “колу таза эмес” кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу багытында биргелешкен иш-чараларды жүргүзүп келет. Тактап айтып коёюн, биз тазалануу багытында булганган кадрлардан арылууну токтотпойбуз.

 Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин талабы менен милициянын кадыр-баркын кетирген, пара алган, мыйзам бузган кызматкерлерге карата тазалоо жүргүзүү күчтөндүрүлүп келүүдө. Башкача айтканда, укук тартибин бузгандарды өзүбүз кармап, жоопко тартып жаткан учурлар жок эмес. ИИМ өз катарынан таза эмес кызматкерлерден арылат, ошого катар мыйзам бузгандар жазадан кутулбайт. Андыктан, коррупцияга каршы ИИМдин жетекчилигинин көз карашы эч качан өзгөрбөйт, бекем! Ал эми жаза баскандар жоопкерчиликке сөзсүз түрдө тартылат. Бул ИИМ жетекчилигинин принципиалдуу позициясы болуп эсептелет. Анткени, кызматкерлерди ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы прокуратура, УКМК менен биргеликте аныкташып, тийешелүү чараларды жүргүзүп келүүдө. 

Белгилей кетсем, ИИМдин ички иликтөө кызматы туруктуу негизде коррупцияга каршы, анын ичинде опузалап талап кылуу жана кыйноо фактыларына байланышкан калпыс көрүнүштөрдү тыюуга аракеттерин жүргүзүп келет. Өздүк курамдын айрым кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөр, кыйноо фактылары же орой мамилелер орун алган учурда токтоосуз түрдө ИИМдин ички иликтөө кызматына байланыша турган телефон номурларды коомчулукка жарыялаганбыз. Ошондой эле ал номурлар министрликтин расмий сайтында жайгаштырылган. 

-- Бийликке сын-пикир айткандарды дароо эле камап салбай, сөз эркиндигине кам көрүп, гумандуулук жагына басым кылсак болот беле? Же коомдук-саясый кырдаалды талдоодо көмүскө коркунучтар жаралуудабы?.. 

-- Аслан мырза, аткаруу бийлигине, деги эле жалпы мамлекеттик органдарга жөндүү сын-пикир айтса, эч ким камалбайт. Ошол айтылган сын-пикирлер туура болсо, далилдер чыкса, анда ошол багытта биз иштешибиз керек. Кемчиликтер орун алса, аны жоюшубуз зарыл, калпыстыктарга жол бергендер аныкталса, анда алардын жоопкерчилигин карайбыз. Бирок көпчүлүк учурларда бир жактуу сындап, маселенин чоо-жайын так билбестен эле өзүн журналист сезгендер, блогерлер кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарды же башкалардын ой-мүдөөлөрүн көздөшүп, туруктуулукка доо кетирүүгө, мыйзамдардын сакталышын бузууга өздөрү жол берип жатышат. Биз кырдаалды толугу менен талдап, саресеп салып, коомубузду ар кандай коркунучтардан коргоп турушубуз зарыл. Эч кандай көмүскө коркунучтар жаралбайт. Бирок ошол эле убакта баардык жарандардын укуктарын, эркиндиктерин коргоп, коомдук коопсуздукту сактоого милдеттүүбуз. 

 Мына сиз дипломдуу, таланттуу, тажрыйбалуу журналистсиз, бирок айрыкча ички иштер министрлигинин кызматкерлери тууралуу кээде такталбаган, далили жок маалыматтарды деле жарыялап, сындап жатпайсызбы. “Биздин берген жеке булактардан” деген таризде. Азыр санариптешкен заман, билбегенди билип, көрбөгөндү көрүп койсо деле болот. Мисалы, маалымат булактарыңызды мен билем, сизге ким берип жатканын, кандай ушактаганын, качан, кайсы убакта жеткиргенинен бери белгилүү. Ошол себептүү ар бир жаран ары-бери сөз айткандын ордуна “ушу кылганым туура эмес го” деп ойлонушу зарыл. Биз көрүп-билип турабыз, такталбаган маалыматтарды ташыгандардын да убакыт-сааты аяктап баратат. Бул боюнча сиз дагы реалдуу баа берериңизге ишеничтемин. 

-- Диний радикализмге каршы күрөшүү, экстремисттик уюмдарды токтотууда ИИМ кандай аракеттерди көрүүдө? Бул катмар жыл өткөн сайын оорлошо берсе, көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу жаралбайбы?

-- Ички иштер министрлиги бул багытта ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жүргүзүп келүүдө. Иш аракеттер ыкчам багытта каралгандыктан, аны ачыктоого болбойт, бирок бул алкакта иш күнү-түнү жүрүп жатат. Деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын саясый, экономикалык, криминалдык аракеттерине, өлкөнүн, анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган, кандайдыр бир кызыкчылыктарды көздөөсү талданып, алардын ишмердүүлүгүнө толук бөгөт коюу иштери жүрүүдө. 

Маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар, анын ичинде интернет айдыңы экстремисттик уюмдар үчүн радикалдык көз караштарды жайылтуу, өздөрүнүн катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу, кылмыштарды уюштуруу жана жасоо үчүн пайдаланылган негизги байланыш каражаттарын катуу көзөмөлдөп, мыйзам чегинде чараларды көрүп жатабыз. 2024-жылдын 9 айында республиканын ички иштер органдары тарабынан экстремизмге байланыштуу 243 кылмыш иши козголуп, 191 иш сотко жөнөтүлдү. Аныкталган фактылар боюнча жүз миңдеген нуска экстремисттик, террористтик мазмундагы материалдар алынды. 

Ошондой эле аймактык ички иштер органдары тарабынан 10 экстремисттик кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлду. УКМК кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй облустары боюнча диний экстремисттик уюмунун активдүү 5 лидери кармалып, кылмыш иштери козголуп, сотко жиберилди. Жыл ичинде эле экстремисттик, террордук уюмдардын лидерлеринин, мүчөлөрүнүн үйлөрүнө жалпысынан жүздөгөн тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандар тузакталды. Бул багытта жүргүзүлгөн алдын алуу, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 37 киши диний-экстремисттик уюмдардын катарынан чыгышкандыгын расмий жарыялашты. 2024-жылдын бүгүнкү күнүндө ИИМ тарабынан диний экстремизмдин, терроризмдин, улуттук жана аймактык кастыкты козутуунун алдын алуу максатында республика боюнча жалпы маалымдоо, алдын алуу лекциялар, семинар-тренингдер, форумдар, конференциялар жана “тегерек үстөлдөр” байма-бай өткөрүлүп турат. Мындан сырткары, экстремизмдин алдын алуу максатында материалдар интернетте, социалдык түйүндөр аркылуу жүктөлүп, таркатылды. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын кызматкерлерине, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин, акимдердин орун басарларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерине, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча аймактык ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, прокуратура, сот жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине атайын семинар-тренингдер өткөрүлдү. 

Экстремисттик жана террористтик уюмдар менен топтор өз идеологиясын пропагандалоо, кызматташтыкка тартуу, пикирлештерди окутуу, ар кандай террористтик топторго байланыш түзүү, каржылоо максатында глобалдуу маалыматтык-коммуникациялык тармактардын мүмкүнчүлүгүн активдүү пайдаланууга аракет кылып жатышат. Кыргызстандын жаштарынын арасында түрдүү багыттагы радикалдык идеялардын таралуусу бизди тынчсыздандырат. Ошол себептүү, ички иштер министрлиги тарабынан экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу максатында баардык мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү аркылуу биргелешкен иш-чаралардын пландары менен байма-бай ыкчам аракеттер жүргүзүлүүдө. 

-- Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында ИИМге төрт жылдан ашык убакыттан бери жетекчилик кылганыңыздын сыры эмнеде? 

-- Өлкө башчысынын коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндигин мыйзам чегинде коргоо, дүйнөлүк практикада кеңири колдонулуп жаткан заманбап маалыматтык технологияларды өздөштүрүү ички иштер органдарынын кызматкерлерине иштөөгө мүмкүн болгон баардык зарыл шарттарды түзүү (жаңы имараттар, автоунаалар, кийим-кече) багытында койгон тапшырмаларын өз убагында сапаттуу жана ыкчам аткарып келүүдөмүн. Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү өлкө жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө, министрлер кабинетинин түздөн-түз көмөгү, эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы, эң негизгиси, элибиздин колдоосу менен коомдук тартипти бекем сактоо багытындагы ишибизди жүргүзө бермекчибиз. Башка сыры деле жок... 

-- Кыргыз милициясы бүгүнкү күндө дагы кандай өзгөрүүлөрдү талап кылат? 

-- Ички иштер министрлигинин алдында аткара турган олуттуу иштер турат. Элдин коопсуз жашоосун камсыздап, коомго ар түрдүү коркунучтарды жараткан баардык учурларга, заманбап чакырыктарга татыктуу туруштук берип, элдин коопсуздугун камсыздоону ийгиликтүү ишке ашыруу максатында тийешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын негизги максаты – коомдук тартипти, жол кыймылынын эрежелерин бузууларды, кылмыштуулукту, зомбулуктарды, жаш балдарга, өспүрүмдөргө карата кылмыштарды жана элге жат көрүнгөн дээрлик окуялардын алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди күчтөндүрүү – приоритеттүү багыт катары эсептелет. Андан сырткары, менин эң башкы максатым – жогорку моралдык сапатка ээ кесипкөй кадрларды даярдоо менен милициянын жаңы образын калыптандыруу аракетин көрүү. Бул багытта ички иштер министрлигинин кадрлар башкы башкармалыгынын, милициянын жогорку окуу жайы академиясынын, кенже жетектөөчүлүк курамды дайындаган республикалык окуу борборунун жетекчилигине тапшырмаларды берип, кесипкөй, антына бекем турган жана кызматтык милдеттерин аткарууда тайманбастык менен мамиле кылган кадрларды дайындоону тапшыргам. Учурда бул багыттарда иштер жүрүп жатат. 

Кызматкерлерибиздин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматтарынын, бөлүктөрүнүн жетекчилеринин, кызматкерлеринин катышуусунда жалпы тажрыйба алмашуу, практикалык, спорттук иш-чаралар, “тегерек үстөлдөр” жана отурумдар уюштурулуп, өткөрүлүп турууда. Өлкө башчысынын тапшырмасы менен ИИМ жетекчилиги аймактарды кыдырып, жарандардын кайрылууларын угуп, мыйзам чегинде чечиле турганын айтып, көзөмөлгө алып келдик. Анын негизинде аймактардагы ички иштер органдарынын ар бир жетекчиси жарандар менен жолугушууларды өткөрүп туруулары, аларга отчетторду берүүлөрү милдеттендирилди. 

Сөзүмдүн аягында, ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин өздүк курамын жана ардагерлерди Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктайм! Сиздердин баарыңыздарга, үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, узун өмүр, күч-кубат, чексиз кайраттуулук жана албан ийгиликтерди каалайм!


Суроо салган Асланбек Сартбаев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер