Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев жетекчи болгон эмес”

“Бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев жетекчи болгон эмес”

14-ноябрь, 14:29
781 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда өлкөдөгү кадр саясаты катуу сынга алынууда. Бийликтин бийик бутагына асмандан күтүүсүз келген “десанттар түшүүдө”. Ушундан улам эксперттерге “Бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев деген ким?” деген собол таштадык.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Кадыржан Семетеевдин бажы кызматына келгени тууралуу да, эмне реформа жасап жатканын да билбейт экенмин. Эми “бажыда коррупция жоюлду, жок” деп айтып атышат. Албетте, ишенбейбиз. Бизге күн сайын кантип жоюлуп атканын түшүндүрүп бериш керек. Мүмкүн мурунку коррупционерлерди азыркы коррупционерлер “кустуруп” аткандыр. Ал “кустургандын” аркасында мыйзам же эреже жок болсо, анда биз кечке эле бири-бирибизди “кустуруп” коюп жүрө беребизби?..

Эмне үчүн элдин баары мамлекеттик кызматта иштегенге кызыкдар? Анткени, алар аз болсо да стабилдүү деп эсептейт. А бирок, эң чоң коррупция – мамлекеттик кызматкерлерде. Анткени, бир да күн бизнесте иштебей турушуп, чоң-чоң турак жайларды, ресторан, дүкөндөрдү салышат, кымбат баалуу машинелерди тебишет... Ошол эле бажы тармагындагыларды айтып атам. Буларда каяктан акча?  

Курманбек Осмонов, коомдук ишмер:

-- Жакында эле массалык маалымат каражаттарынан “бажы кызматынын төрагасы болуп Кадыржан Семетеев шайланды” деп окуп калдым. Албетте, буга чейин бажы кызматтарында катардагы инспектор болуп, Ош жакта иштегенин сураштырып билдим, өзүн тааныбайм. Жаңы бийликтин кадры экен. Бажынын ар кыл тармактарында иштеген болсо, тажрыйбасы бар үчүн бул жумушка апкелди го дейм. Демек, ылайык көрдү. Эң негизгиси, билимин, тажрыйбасын жана уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтсө, бажы системасын жакшы алып кетеби? Азырынча белгисиз. Кол алдындагыларга талапты катуурак коюп, объективдүү болуп, орустар айтмакчы, мамлекетке честный иштеп берүүсү абзел. Эл ушуну күтүп атат. Бажы мекемеси казынаны толтура турган тармак. Бу жигит кыйын учурда келди. Сырткы, ички карыздарга мамлекетибиз белчесинен батып турган кез. Өз убагында салыктарды мамлекеттен жашырбай бюджетке түшүрүп туруу – бул чоң нерсе. 

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты:

-- Мен Кадыржан Семетеев деген жигитти тааныйм. Мурда ушу бажы системасында  иштеп жүргөн. Катардагы инспектордон Ош бажы начальнигинин орун басары кызматына чейин иштегенин билет элем. Бирок, жетекчи кызматтарда болгон эмес. Ошто, Жалал-Абадда, ж.б. аппаратта, башкармачылыкта иштеп жүрдү. Дагы бир жолу айтам, мындай чоң жетекчилик кызматта иштеген эмес. Муну эмнеге айтып атам? Элдин баары бажы жакты тиктеп турган убак, себеби, эң коррупциялашкан тармак. Бул Кадыржан үчүн чоң жүк. Анын алдында жоопкерчиликтүү маселе турат, “оңдоп кетеби, кетпейби...” деп калайык-калк карап турат. Бул эми Садыр Нургожоевичтин кадры. Кызматка жаңы келди. Иштеп көрсүн, өзүн көрсөтсүн, ишенимди актасын. Аны баарыбыз күтүп атабыз.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер