Акаевди сатып кеткен Болжурованын бетине чиркөө...


Убакыттын өтүшү менен адамдардын сапатына баа берилет тура. Мисалы, Ишенгүл Болжурова убагында Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда көтөрүлүп, ректорлук кызматка чейин жеткен. Тилекке каршы, бийликтен оомат тая баштаганда сатып кетип, тескери үлгү жаратканы эсибизде. Кийинки келген бийликтерге жагынып, убактылуу кызмат алганы менен жарытылуу иш жасай алган жок. Окумуштуу же аткаруу кызматынын өкүлү катары да үлгү кыла албай, ара жолдо калганы белгилүү. Ишенгүл айымдын жаңылганы эмнеде? Кыргыз эли башынан эле саткынчылыкты кечирбейт, бул өтө жаман сапат. Жакшылык кылган адамга карасанатайлык менен жүзүн өзгөртүү кимге опо? Ооба, Аскар Акаев мартабалуу окумуштуу, кыргыз элинин тунгуч президенти катары тарыхта калат. Ал эми саткынчылар жек көрүнүү менен кала бермекчи...
"Азия Ньюс" гезити











