Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Акматалиев менен Равшан Сабировдун пикирлери... Файзиев чуусу уланууда

Руслан Акматалиев менен Равшан Сабировдун пикирлери... Файзиев чуусу уланууда

08-январь, 09:30
1 238 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык иштерге, мыйзамсыз курулуштарга шектелип, издөө жарыяланып, чет өлкөгө качып кетип, кайра кайтып келген “Elite House” компаниясынын башкаруучусу Тимур Файзиев эми курулушу башталбай жатып колдон колго өтүп, салынышы деле күмөн туудурган жагдай боюнча “Асман – келечектин шаары” долбоорун жетектемей болуптур. Долбоордун демилгечиси Руслан Акматалиев “Файзиевдин алдамчылыкка шектелгенин жазышууда. Келе турган инвестор деле ким менен иштешерин ойлонот да. Анан ал кылмышка шектелген адам менен кантип кызматташат?” деп журналисттерге маек курган. Андан бир аз мурдараак президенттин экс-кеңешчиси, азыркы депутат Равшан Сабиров “бул кылым долбоорун француз курулуш компаниясы курат” деп жарыя кылган. Иши кылып салынып баштала электе эле чырга айланган шаар курулушу тууралуу бири-бирин жокко чыгарган маалыматтар тарап жатканы, кечээ эле издөөдө жүргөн Тимур Файзиевдин кылмыш ишинин сен көр, мен көр жок болгону кызык болуп жатат. Эгер ал таза болсо эмне үчүн “качып кетти” деп чуу көтөрүштү? “Кылым курулушу ага тапшырылса, ал ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү жетекчи турбайбы” деп аргасыздан жыйынтык чыгарууга болот... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер