Күйөөмдүн кордугуна чыдап жүрүп, жүрөгүм музга айланды
Турмушка чыккандан кийин акырындап жүрөгүм таш болуп калды. Башында, секелек кезимде менден жашык, менден ыйлаак кыз жок эле го. Бактылуу жашоону, сүйүүнү элестеткен бала күндөр ай! Ошол күндөргө кетип, кайра башкача жашоо баштагым келет. Эми баары кеч болгондо, айла канча? Кызым турмушка чыкканы калганды, уулум да үйлөнүү курагына жеткенде, кайдагы башка жашоо?!
Кунары качкан турмушумда канча ирет күйөөмдөн запкы көрүп, жылаңайлак качканымда, карда издерим калганында эмнени гана ойлободум? Үч ирет колум сынып, кайра бүттү. Бирок жүрөгүмдүн жарасы айыкпай келет. Акырындап ташка айланды. Муздак, кунарсыз кайран жүрөк! Эмнеге мынча баарына чыдаганыма таңгалам!
Эми кеч. Өмүрүмдүн акырына чейин жалгыз жашоого аргасызмын. Өз өмүрүңөр үчүн жашыңардан күрөшкүлө!
Бермет
"Азия Ньюс" гезити