Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элмира Эшанова: “Ич ара ынтымак, ыймандын күчтүүлүгү гана көп балээлерден сактайт”

Элмира Эшанова: “Ич ара ынтымак, ыймандын күчтүүлүгү гана көп балээлерден сактайт”

20-июль, 15:36
1 780 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москвадагы “Баткен биримдиги” коомунун жетекчиси менен маек.

Жакынкы күндөрү Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалды.

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин (ИИМ) Россиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев Москвада кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан улам "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун билдирди. Бул массалык уруш мигрант болуп жүргөн мекендештерибизге, алардын үй-бүлөсүнө терс таасирин, запкысын тийгизбей койбойт. 

16 жылдан бери Москвада жашап, коомдук иштерге активдүү катышкан мекенчил айым, "Баткен биримдиги" коомунун негиздөөчүсү, МАП эл аралык ишкерлер ассоциациясынын экс-президенти Элмира Эшановага суроо узаттык.

-- Негизи эле бул уруштун түпкү себеби эмнеден улам чыкты? Мигранттар арасында акырындан бышып жетилдиби? 

-- Эми “бул эки улуттун ортосундагы уруш кокусунан эле чыкты” десем туура эмес болуп калат го. “Атайын жасалды” десем да чындыкка туура келбейт. Анткени Москвада бизден башка өтө көп улуттар бар, ар түрдүү себептер менен келишпестиктер болуп эле турат. Көпчүлүк бул жакка эс алганы эмес, үй-бүлөсүн бакканы, насыялары барлар карызын төлөгөнү же кандайдыр бир муктаждык менен келишкендер. Башка улуттарга салыштырмалуу биздин мекендештер негизи ынтымактуу жана аракетчил. Мактанып сыймыктанчу жерлери да, нааразылык жаратчу жерлери да бар. Нааразылык жаратканы чындыгында бөтөн жерде жүргөнүбүзгө карабастан “көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, үй-бүлө, бала-чакасын унутуп, чектен чыгып кеткендер да жок эмес. Айылда жүргөнсүп, ичип алып, чуу салып жүргөндөр да кездешет. Квартирадан уурдамай, же жумуштан иштетип айлыгын төлөбөй алдап кеткен, же колдору бошоп калса эле чайхана, кафелерге чогулуп ичип, чегип жүргөндөр да жок эмес. Ал эми жакшы жактары болсо, алдыга умтулуп, жакшы жумуштарда өздөрүн көрсөтүп, башка улуттардын алдында жакшы өзгөчөлүгү, аракети, эмгекчилдиги менен башкалар суктанып, сыймыктанчу элестерди калтырышкандар. Кыргызстандын атын чыгарып, РФ паспортун алышса да дайыма мекенине күйүп-бышып турган биздин мекенчил уул-кыздар, мекендештер көп экени кубандырат. 

-- Бул жаңжал үй-бүлөсүн багып жүргөн көп мигранттарга терс таасирин тийгизбей койбойт. Мындай окуялардан оолак, ынтымактуу болууга кандай кеңеш, насааттарыңыз бар?

-- Биздин кыргыз жигиттердин ачууланганынын эки себебин уктук: биринчиси – бильярд ойногон жердеги болбогон тирешүүдөн чыккан чыр, экинчиси – тажик улутундагы эркектер менен жүргөн кыргыз кыздарынын жеңил ойлуулугу. Буга менин көз карашым, кыргыз эже-сиңдилердин “улуттук намыс” деген сезиминин ойгонушун Кудайдан тилемекмин. Эркектерде бизге билинбеген ички кызгануу деген сезими болсо, тааныбаса да “кыргыз экен” деп ичинен бир ызырынып алат. Анан жаман көзү менен эле карап койсо бир жөн, эгер алар намысына тийип мыскылдап койсо, күчү жетсе-жетпесе да чыр чыгышы мүмкүн. Ошондой нерседен оолак болгон жакшы. Себеби, жаман нерсеге себепчи болуп, өмүр бою так калып калышы мүмкүн. Бул бир гана ошол адамдын эмес, анын ата-энеси, бир туугандары, үй-бүлө, бала-чакасына залакасы тийип калышы мүмкүн. 

Кыскасы, бөтөн жерде жүргөндө ошол жердин мыйзамын сыйлап жашоого милдеттүүбүз. Кыска ойлонуп, 5-6 адамдын башы бириксе баатыр боло бербеш керек. Анын кесепети эч нерсе оюнда жок бейкүнөө жүргөндөргө тийип калып жатат. Жаштарга айтар насаатым: Москванын жакшы, пайдалуу жактарын гана алалы. Өз мамлекетибизге келечекте пайдабыз тийчү инсандардан бололу. Анткени, өзүңөрдөй абалга балаңар туш келбесин десеңер, үлгү болгула, жакшы келечек курганга себепчи бололу, туугандар! Ич ара ынтымак, тартиптүүлүк, ыймандын күчтүүлүгү гана көп балээлерден сактайт.


Жамиля Нурманбетова

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер