Улуттук банк: долларды накталай алууда банктар 5%га чейин комиссия алып жатат

Кыргызстанда коммерциялык банктар долларды накталай алууда кардарларга 0,4 пайыздан 5 пайызга чейин комиссия алып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагаcынын орун басары Нурбек Жеңиш Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, соңку геосаясый абалдан улам коммерциялык банктардын сырттан доллар сатып алуусунун чыгымы көбөйдү.
"Буга чейин биздеги банктар долларды Россиядан алып келген. Бирок Россияга салынган санкциялар жана бул өлкөгө келип түшкөн доллар, евронун токтотулганын эске алганда, жергиликтүү банктар нак доллар жана еврону ташып келүүгө аргасыз болууда" деди Нурбек Жеңиш.
Ал чет элдик валюта үчүн комиссиянын өлчөмүн өз чыгымына жараша коммерциялык банктар аныктай турганын жана өлкөдөгү банктар чет өлкөлүк валютага комиссия боюнча өз кардарларына түшүндүрүү иштерин күчөтүшү зарыл экенин белгиледи.
Мындан сырткары, Улуттук банктын өкүлү банкка чет өлкөлүк валюта менен депозит салган жарандар өз акчасын алган учурда эч кандай комиссия алынбасын эскертти.
Кыргызстанда соңку учурда банктардагы кошумча төлөмдөр жарандардын наарызылыгын жаратууда. Өлкөдөгү айрым адистер акыркы кырдаалдан улам банктар пайдага туйтунууну көздөп жатканын айтып чыгышкан.