Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таластан чыр чыгабы? Алешем айкел, же Манаска, Айтматовго жасалган кайдыгерлик!

Таластан чыр чыгабы? Алешем айкел, же Манаска, Айтматовго жасалган кайдыгерлик!

19-июль, 10:29
469 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Аткаминерлердин кайдыгерлигинен чыккан көйгөй)

Көпчүлүк учурда айрым аткаминерлер алабармандыкка азгырылабы же мансапка манчыркай түшөбү, айтор, алешем иштерди баштап алып, өздөрүн гана эмес коомчулукту да көйгөйгө салышат. 

2009-жылы Талас шаарынын мэриясы Талас шаарына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузуу ишин дыкат ойлонбой баштап алып, жергиликтүү бюджеттен бир топ каражат бөлүнүп, бирок кесипкөйлүгү төмөн кол өнөрчү жасаган алешем эстеликти жокко чыгарып, татыктуу айкелди орнотууга бир топ адамдын, комиссия мүчөлөрүнүн алты жылдай убакытта нерв, сарсанаа түйшүктөнүү короду. Акыры КР эмгек сиңирген архитектору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Асылбек Солтобаев, белгилүү сүрөтчү Жаныбек Рай, журналист жазуучу Токтогул Ибрагимов, белгилүү меценат Бакыт Тууганбаев жана мен да курамына кирген комиссия кажыбаган бекем принциптүүлүктү көрсөтүп, өлкөбүз боюнча скульптуралык чыгармаларга ачык сынак жарыяланып, бир нече сынактардан кийин Нурлан Кебек уулу деген скульптор жигиттин долбоору жеңүүчү деп табылып, Талас облусунун 70 жылдык мааракесинде айкелдин ачылыш аземи өткөрүлгөн. Залкар жазуучунун бир тууган карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова баш болгон көрүнүктүү инсандар айкелдин сапатына бийик баа беришкен. Татыктуу айкелди жасатуу иш аракетинде ал кездеги өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиеванын эмгеги чоң болгондугу баса белгилөөгө арзыйт.

Ошондой эле ал кездеги Талас шаарынын мэри Анарбек Кушубаков облус жетекчилигинин тапшырмасын жана жергиликтүү комиссиянын, Бишкектеги кесипкөй айкелчилердин, сүрөтчүлөрдүн суроо-талаптарын так аткарганы эсимде. Бирок жогорудагы азап-тозоктор, машакаттар акыл калчап иш кылбаган жергиликтүү бийликтеги айрым аткаминерлерге сабак болбоптур. 

Ал кездеги өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге жана Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбековго алдын ала эскертилип айтылган менен Манастын айкелине Талас облустук өнүктүрүү фондусунан 2 млн. 240 миң сом конкурс, сынаксыз эле бишкектик бир айкелчиге берилип, бирок ал жасаган айкелдин долбоору коомчулуктун сынына дуушар болгон. Кесипкөйлүгү бийик, айкелчи-сүрөтчүлөрдөн турган эксперттик комиссиянын жана өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгү тарабынан түзүлгөн (курамында архитектор, сүрөтчү, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү) комиссиянын чечими менен жараксыз катары табылган эле.

Баса, ошол учурда айкелдин постаментине деп «Бакубат Талас» фондусунан 950 миң сом бөлүнгөн. Бирок ал каражат кайсы чиновниктин сол чөнтөгүнө кирип кеткени белгисиз. Азыр борбордук аянтта каңкайып турган постаментти Талас шаарындагы бир нече ишкер куруучу 50 миң сомдон үлүш кошуп араң тургузушкан.

Айкел тургузулбай, алешем айкелдин курулушу боюнча чыр, көйгөй сотко чейин жетип, эң оболу Талас облустук өнүктүрүү фондусунун жетекчиси Эмир Тыныбековго баш оору болду. Ал Талас шаардык мэриясына, облустук укук коргоо органдарына расмий кат менен кайрылып, маселенин мыйзамдуу чечилишине аракет жасады. Себеби, иш арабөк калып, татыктуу айкел жок, же мамлекеттин 2 млн. 240 миң сомун ал айкелчилерден кайтарууга мүмкүн болбоду. «Бурут» компаниясы менен түзгөн келишимге ылайык өнүктүрүү фондусу айкелге дагы 1 млн. сом бересе эле.

Ал ортодо облустук комиссия республика боюнча ачык сынак жарыялап, 27 долбоордон эң мыктысын тандап берген. Ал долбоор агездеги облус жетекчиси Марат Мураталиевге да жагып, “чыныгы искусствонун үлгүсү тандалыптыр, эми сыймыктануу менен сынакта тандалган долбоордун айкелин тургузса болот деп комиссия курамына сынакта адилеттик, калыстык менен жүргүзгөн иштер үчүн ыраазылык билдирген.

Ал эми кечээ Талас облустук өнүктүрүү фондусунун кызматкерлери, байкоочу кеңештин мүчөлөрү ал алешем айкелдин авторлору менен жолугуп, келишим түзүп келишиптир. Делегациянын курамында Талас шаарынын жетекчилиги да жүрөт. «Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса» деп кээ бирлери ал долбоордун айрым деталдарына сын айтымыш болгону күлкүнү гана келтирди. Кыргыз элибизде «чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» деген кеп бар. Эстетикалык бийик талапты бир нече жыл кесиптик билим алып, ошол тармакта ондогон жылдар эмгектенген жогорку кесипкөй, көркөм сүрөт искусствосуна эмгеги сиңген өнөр адамдары гана терең талдап, баасын берип, кемчилик-мүчүлүштүктөрүнө конкреттүү аныктамаларды айтып бүтүм чыгара алышат.

КР эл сүрөтчүсү, белгилүү айкелчи, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Базарбек Сыдыков; КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, айкелчи Баястан Батырбаев; Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүйүнтбек Төрөбеков; КР эмгек сиңирген архитектору Асылбек Солтобаев; КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү, КР көркөм фондунун жетекчиси Жаныш Жамурзаев; көрүнүктүү сүрөтчү, “Милан” клубунун мүчөсү Жаныбек Рай сыяктуу көркөм сүрөт искусствосунун белгилүү ишмерлеринин, өкүлдөрүнүн тыянак бүтүмдөрү, корутундулары тыйынга арзыбай, Талас облустук өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жана Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбековдун бүтүм, аныктамалары облус борбору Талас шаарына чыныгы искусствонун үлгүсүнүн талаптарына жооп бербеген айкелди орнотуу аракети анчалык коошпой турат.

Урматтуу достор, башкасын билбейм, бирок кыргыз элинин руханий туу чокусу, кыргыз элинин көөнөргүс улуттук түбөлүктүү руханий дөөлөтү болгон Манаска, кыргыз элинин залкар уулу, кыргыз элинин рухун дүйнөгө орошон таланты менен даңазалап тааныткан, улуу гуманист, улуу ойчул, «калемдин императору» аталган Чыңгыз Айтматовго кайдыгерлик, шалаакылык жасоого болбойт!

Манас атабыздын руху байырлаган касиеттүү Талас шаарында Манас атага жасалган кайдыгерлик, шалаакылык мамиле жогоруда айтылгандай болсо, Чыңгыз Айтматовдун алешем жасалган жараксыз айкели Шекер айылындагы курулушу башталбай уу-чуусу көп «Чыңгыз Ордо» комплексинин бастырмасында томсоруп турганы жаран катары ар бирибизди кейитет.


Козубек Иманкулов, Талас шаары 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер