Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундуз Жолдубаева: “Атамбаевдин өмүрүнүн коопсуздугу бийликтин моюнунда”

Кундуз Жолдубаева: “Атамбаевдин өмүрүнүн коопсуздугу бийликтин моюнунда”

03-июль, 18:22
1 682 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кундуз айым, Алмазбек Атамбаевдин эки өпкөсү жабыркап, пневмония болгону аныкталды. Учурда дарыланып жатыптыр. Башынан эле кан басымы туруктуу болбой кыйналып келгени да белгилүү. Учурда акыбалы кандай? 

-- Учурда абалын дарыгерлер орто оор катары сыпаттап жатышат. Кабарды угар менен Асел Кодуранова жана Рыскелди Момбеков болуп президенттин иш башкармалыгы алдындагы атайын ооруканага бардык. Бирок, бизди киргизбей коюшту. “Экс-президент “кызыл зонада” жатат” деп билдирди оорукананын башкы дарыгери Гүлмира Баитова. Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кенкени тууралуу анын жактоочулары көптөн бери эле айтып келишет. Экс-президент комплекстүү медициналык текшерүүдөн өтүшү керектигин жактоочулары, жакындары жана тарапташтары мурдатан эле айтып келе жатабыз. Бирок УКМК дүжүр билдирүүлөрдү таратып, “акыбалы жакшы” деп коомчулукту тынчтандарып келишти. Акыркы сот отурумунда, тактап айтканда, 1-июнда судья Алмазбек Атамбаевди сот залынан териштүрүүнүн аягына чейин четтетүү чемимин кабыл алганда көрүшкөнбүз. Акыбалы чындап эле анчейин жакшы эмес болчу. Бирок духу баягысындай күчтүү эле. Акыркы анын ден соолугу жөнүндө кабар баардык тарапташтарын ойго салды. 

-- УКМК дароо эле Атамбаевге ооруну туугандары, адвокаттары жугузганы боюнча шек саноосун билдиришти. Ушундай болушу мүмкүнбү? 

-- Албетте, атайын кызматтын мындай билдирүүсүн биз “өзүнүн жоопкерчилигин башка адамга оодарып салуу аракети” катары сыпаттайт элек. Биз мурда эле бир нече жолу айтып келгенбиз, “жабык жайлардагы абал оорлошуп кетиши мүмкүн, ошол себептен, ал жакта кармалып жаткандар айрым жарандардын баш коргоо чарасын үй камагына деле өзгөртүп койсо болот” деп. Бирок, УКМК жана жазаларды өтөө кызматы “абал туруктуу, оору көзөмөлдө” деп келишти. Балким, жабык жайлардын кызматкерлери да вируска чалдыккандыр? Демек, абакта жаткандардын дагы ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаралып жатат. 

-- Атамбаевге УКМКдан атайылап эле оору жугузушканын жакындары билдирип чыгышты... Чындыгы барбы?

-- Бул тууралуу экс-президенттин үй-бүлөсү айтып чыкты. Канчалык чындыгы бар же жок, айтыш кыйын. Бирок, кандай кырдаалда Алмазбек Атамбаевдин өпкөсү жабыркагандыгын иликтеп чыгыш керек. Мен жогоруда айткандай, УКМК өзүнөн жоопкерчиликти оодарып алуу аракетин кылып жатат. Алар атап жаткан жактоочу Замир Жоошевдин анализдеринин жыйынтыгы чыга элек. Анан так маалымат жок туруп, бирөөнү күнөөлөгөн – бул чагымчылдык. Бир нерсе баарына белгилүү – Алмазбек Атамбаев бийлик үчүн чоң баш оору жана башкы оппоненти. Балким, “адам жок, маселе жок” деген принципти ишке ашыруу аракети...

--“Жаман айтпай, жакшы жок” демекчи, кокус экс-президент ооруну көтөрө албай калса эмне болот? Саясый кырдаал кескин түрдө чыңалып кетпейби?

-- Дал ушул нерсе бизди кооптондуруп жатат. Алмазбек Атамбаевдин иммунитети негизи төмөн. Муну бийлик жакшы билет. Экс-президент сот отурумуна келгенде, аны дайым УКМКнын эки дарыгеры коштоп жүрчү. Анын кан басымынын төмөндүгүнө байланыштуу, башы айланып, ордунан турганда кулап кете жаздаганын биз дагы көргөнбүз. Өлкөдө эпидемия күчөп, өзгөчө кырдаал маалында, жалгыз Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдар өтүп келди. Соттук териштирүүнүн катышуучуларынын баардыгынын коопсуздугун тобокелге салган бийликтин мындай кыймыл-аракетинде эле сөз жатпайбы... Анын бетин ары кылсын, бирок сиз айткандай кырдаал жаралса, саясый абал сөзсүз чыңалат. Чүйлүктөр, өзгөчө өйдөкү зона Кой-Таш окуясынан кийин арданып калгандыгы эч кимге сыр эмес. Акыркы өлкөдөгү абал элди кыйнады, ачка калтырды. Коомдогу массанын нааразычылыгы күч. Социалдык жарылуудан алыс эмеспиз. Бул акыркы тамчы болуп калышы толук мүмкүн. Ошондуктан биз “Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугу бийликтин мойнунда” деп айтып жатабыз.  Бийликтин карасанатай ойлору болсо, өзүнө гана каршы иштеп калышы мүмкүн.

-- Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси кандай өңүттө жүрүүдө? Адилеттүү, калыстык болчудайбы?

-- Кой-Таш окуясы боюнча сот – саясый буюртма. Эч кандай калыстыкты бул соттук териштүрүүдөн күтүп болбойт. Президенттик аппарат эмне десе, ошондой чечим болот. Бул айдан ачык. Негизи эле тергөө бир тараптуу жүргүзүлгөн. Ошол эле атайын операциянын мыйзамдуулугу тууралуу маселе бар. Бул иш толугу менен бир тараптуу тергелген. Эмнеге күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбайт? Эмнеге 7-8-август күнү Кой-Ташта жабыркаган катардагы жарандарды жабырлануучу катары таанышкан эмес? Курал менен экс-президенттин жеке менчик үйүнө кирип келишип, ок чыгарып, элди ур-токмокко алып, зомбулук көрсөткөндө, эл толкуп чыккан. Азыр баардыгыбызды өтө оор беренелер менен айыптап жатышат. Бийликти күч менен басып алуунун уюштуруучусу катары мага айып коюп жатышат. Бул күлкү келтирерлик нерсе. 7-кабат өзүнүн дарегине сын айткан, анык оппозицияны жок кылуу аракетин гана көрүп жатышат. Бирок, эртең кырдаал өзгөрүп кетсе, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн өлкөнү, элди ушул абалга кептегендиги үчүн азыр буйрук берип жаткан адамдар сот отургучунан орун алып калышын унутушпаса...

-- Бул процесске тарапташтар, айыпталуучулар – силер да барасыңар, СИЗОдо жаткан тилектештериңер да келишет. Коронавирустан сактануу үчүн сот залында аралыктар болбосо керек, туурабы? 

-- Азыр абакта жаткан айрым айыпталуучулардын акыбалы оор. Мисалы, Канат Осмоналиев араңжан болуп жүрөт. Биз кооптонуп жатабыз. Мен мурда бир нече жолу массалык маалымат каражаттарына билдиргем, Канат Осмоналиев республикалык психикалык ооруканасында каттоодо турат. Анын саламаттыгы кескин төмөндөп кетти, арыктап, өңүнөн кетип дегендей. Дарылануудан жыл сайын өтүп турушу керек эле. Аны үй камагына чыгарып жиберүү тууралуу сотко кайрылган өтүнүчүбүз каралган жок. Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун дагы жашы өтүп калды. Ал киши өткөн сот отурумунда сыркоолоп калганын кордүм. Ден соолугунун коопсуздугуна тынчсызданып жатабыз. Өткөн чакырылыштардын депутаты Равшан Жээнбековдун дагы канындагы канттын басымы көтөрүлүп кеткендигин айтып жатат. Апрель революциясынын баатыры Мээрбек Мискенбаевдин кан басымы ордунда эмес, ооруп жатат. Президенттин жансакчысы Канат Сагымбаев катуу ооруп, балким, коронавируска чалдыкканын айтып чыккан эле. Ошол тапта өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга карабай, Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүлөр өтүп жатты. Эч кандай санитардык талаптар каралган жок. Бир залда 50гө жакын адам отурабыз, аралык сакталган жок. Анан кандай коопсуздук жөнүндө кеп кылсак болот? Бийлик бизге өгөй баладай эле мамиле кылып келе жатат. Бирок, биз дагы Кыргызстандын жарандарыбыз. Биздин дагы укуктарыбыз сакталышы керек. 

-- Кой-Таш окуясынын соту кандай аякташы мүмкүн? Жеке өзүңө келсек, камап койбойбу? Кооптонуу жокпу?

-- Мен жогоруда айтып өткөндөй, чечимдин кандай болушу саясый кырдаалдан көз каранды. Бийликтин буйругу менен сот бизди күнөөлүү катары таап, келе жаткан парламенттик шайлоого катыштырбоого аракет жасашат. Жеке өзүмө келсем, бул жүзүкара бийлик эч нерседен артка тартпайт. Керек болсо, физикалык жактан жок кылуу аракетин дагы жасашы толук мүмкүн. Бирок, менин дагы айта турчу сөзүм бар... 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер