Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элиза Ажиева: “Эрте турмуш куруу, миграция ажырашууларды арбытууда”

Элиза Ажиева: “Эрте турмуш куруу, миграция ажырашууларды арбытууда”

03-март, 00:29
1 492 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Аялдарды коргоо” борборунун өкүлү менен маек.

-- Акыркы убакта очок улагандардын баркы кетип, бүгүн үй-бүлө куруп, эртең ажырашкандардын саны улам арбып баратат. Мунун себебин, түйүнүн эмнеден издесек болот?

-- Улуттук статистикалык маалыматка караганда, учурда курулган ар бир үй-бүлөнүн бешинчиси ажырашууга барат экен. Ажырашуунун бирден-бир себепкери миграция да болуп саналат. Анткени, жаштар бири-бири менен турмуш куруп, турмуш кургандан кийин бир-эки айдан кийин акча табуу максаты менен чет өлкөгө  кетип калышат да, бул үй-бүлөнүн биримдикте жашашына өбөлгө болбой жатат. Эки жакта жашап жаткан жаштарда бири-бирине түшүнбөстүктөр пайда болору, материалдык ар кандай көйгөйлөрдүн айынан ажырашууга барышканы ырас. Менимче, бүгүнкү күндөгү үй-бүлөлүк баалуулуктун жоктугу, жаштардын жеңил-желпилиги, турмушка жеңил карагандары ажырашууга алып келет. Бир-эки ирет көрүшкөндөн кийин эле жеңил ойлуулук менен үйлөнүп алышып, мүнөздөрү келише албай, кайра ажырашууга дуушар болушат. 

Ата-энелери менен бирге жашап, жаштар өз алдынча турмуш көйгөйүн көрбөй да ажырашуу жагдайына дуушар болушат.

-- Эрте турмуш куруунун никеге кандай таасири бар?

-- Ажырашуунун дагы бир чоң себеби – кыздарды эрте турмушка берип, эрте никенин көбөйүп жатканы. Анткени, мектепти бүтөрү менен турмушка берсе, кыздар үчүн үй-бүлөнүн түйшүгүн алып кетүү оор болот. Алар мындай түйшүккө даяр эмес. Негизи, эрте турмуш куруунун никеге терс таасири чоң. 

18 жашка чейин турмушка чыккан кыздар нике күбөлүгүн да алышпайт. Жөн гана диний никеде турушат. Азыркы жаш үйлөнгөндөр диний каада-салт, нике менен мамлекеттик каттоодо турган никенин айырмасын билбей жатышат. Мамлекеттик каттоодон өтпөгөндөн кийин бул никеден төрөлгөн балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпайт. Булар Кыргызстандын жараны катары каттоодон өтпөй, бала бакчага, мектепке баралбай калышат. Бул дагы бир көйгөй болуп саналат. 

Көпчүлүк учурда эрте турмушка чыккан кыздар андан кийин өздөрүнүн билим алуусун уланта алышпайт. Үй тиричилиги менен гана алектенип калат дагы, андан аркы жашоосуна терс таасирин тийгизет. Эч кандай жакшы айлык акы ала турган ишке орношо алышпайт. Демек, бул жакыр карылыкка алып келет. 

Мамлекетке дагы жаштардын эрте нике курууларынын терс таасири тийет. Анткени, ажырашуулар азыркы учурда көбөйүп жатат. Толук эмес үй-бүлө үчүн мамлекет жөлөк пулдарды төлөп, өз камкордугун көрсөтүшү зарыл болот. Эрте турмуш куруу кыздардын ден соолугуна да терс таасирин тийгизет. КМШ өлкөлөрү боюнча карай турган болсок, Кыргызстан энелердин өлүмү, балдардын өлүмү боюнча биринчи орунда турат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер