Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бала баатыр” аталган Кадыр Атамбаев

“Бала баатыр” аталган Кадыр Атамбаев

26-сентябрь, 20:59
1 001 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мамлекеттин укуругу узун” деп айтылып келет эмеспи. Анын сыңарындай, бийлик Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн, “Медиа форумду” алып койгону маалымдалган. Коомчулукта, соцтармакта кыйла талкуу жаралды. Албетте, бир кылка эмес. Экс-президентти колдогондор да арбын, ошол эле кезде каршы пикир жазгандар да бар. Элге маалымат жеткирүү, бийлик машинасы менен күрөшүү жагынан Кадыр Атамбаев активдүүлүгүн көрсөтүп, Фейсбуктан түз эфирге чыгып жатты. Каршылык көрсөткөнүнө күбө болдук. Бийлик өкүлдөрүнө, аркы жээктеги пиарщиктерге карата постторду жазып, соцтармактан упай алууга да жетишкени байкалды. Ошентип, Кадыр Атамбаев “Бала баатыр” аталып, саясый талаада жалгыз айгайлаганы байкалды. Төбөлдөр реакция кылышкан жок. Образдуу караганда, кол шилтеп коюшкандай... Аныгында, Кадыр Атамбаев бийликке каршы күрөшүү жолун улантып, ыңгайына жараша билдирүүлөрдү таратып, беттеген багытынан тайчудай эмес. Упай алууда. Баралына келгенде бакандай саясатчы болчудай...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер