Акыркы кабарлар
» Коом » Белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов дүйнө салды
Белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов дүйнө салды
31-август, 15:30

Кыргыз Республикасын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти. Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 31-августта саат 15:00дө "Чыгыш-5" кичирайонундагы өзү жашаган үйдө өтөт.
Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган. 1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.
Эмгек жолун 1979-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунда (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) окутуучу болуп иштөө менен баштаган.