Гүлсина айым көп ырчылардан ашып кетти. Сыйым чексиз...


(Гүлсина Чотоновага!)
Сизди башында актриса катары тааныган элем. Өзгөчө стил, жараткан образыңыз аркылуу көңүл бурдургансыз. Эсимде, чачыңызды кырдырып алып, “Кара кыз” аттуу тасмага тартылып, башкача, эч кимге окшобогон дүйнөнү ачып бергениңиз ойлондурган... Ошентип, көп жылдар бою көрүнбөй, тыныгуу алдыңызбы? Балким мен байкабасам керек. Ортодон чет өлкөгө да кетип калдым да. Анан эле жакынкы жылдары “Менде да жүрөк бар” деп ырдап чыктыңыз. Мыкты аткарганыңызды бааладым. Адамдын ички сезимдерин козгоп, жандүйнөгө бүлүк сала турган чыгарма экен. Көп ырчылардан ашып кеттиңиз. Бул ыр сиздин тагдырыңызга туш келгендей сезилди. Менин да жашоомдун маңызына жакындашып алганын карасаң. Ушул аткарууңузду угуп, көрө берип, сизге болгон арзуу ойгонуп кетти окшойт. Жылуу, жароокер жан катары бааладым. Бакытка жетелечүдөй туюла бергеничи... “Менде да жүрөк бар” ыры каракалпактардыкы эмеспи, Орто Азия чөлкөмүндө өтө популярдуулукка жетишти. Анын ичинде Гүлсина айым эң мыкты деңгээлде аткарганын ачык айтышыбыз керек. Талантты убагында баалаганыбыз дурус. Сизге албан ийгилик, бакубат өмүр, кең келечек каалайм! Чыгармачылыгыңыз өркүндөп өсүп, кыргыз элин кубантып, бийиктиктерди багындыра бериңиз. Сыйым чексиз...
Эмил, тарыхчы
"Азия Ньюс" гезити











