Аялымды “Лексус” айдаган сакалчан менен кармадым...


Бир күнү мени жумуштагы балдар “саунага барып, эс алып келели” деп чакырышкан. Мен макул болдум. Аялыма ал жөнүндө айткан жокмун. Чалып, “жумуштан бүгүн кеч чыгам” деп эле айтып койгом.
Анан Бишкектин бир саунасына барып, эс алдык, жыргадык, бирок жумуштагылар кыздар менен эс алса, мен жөн гана өзүм эле болдум.
Кечинде биз балдар менен чыктык. Чыкканда жолдун аркы бетинде аялым саунадан бир сакалчан киши менен чыгып, анын “Лексус” машинасына отуруп кетти. Мен аны көрүп, айлам кетти. Шок болдум.
Үйгө барсам, ал эч нерсе болбогондой жатат. Бетине айттым көргөнүмдү, чочуп кетти, эмне айтарын билбей, унчукпай калды. Мен ага үч талак бердим, ал эртеси күнү кийимдерин чогултуп, апасына жөнөдү. Андай аял менен жашай албайм, анткени, булганып калды...
“Аргумент”











