Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош шаарында дагы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады

Ош шаарында дагы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады

24-ноябрь, 19:38
1 339 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүндөн тарта Ош шаарында Өзгөн жана Алай райондорунун көмүрү арзан сатыла баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, эки компания менен жалпы 700 тоннага келишим түзүлгөн. Бүгүн 112 тоннасы алып келинип, аны ташып келүү үчүн беш техника бөлүнгөн.

Учурда муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында жети жерге көмүр сатуу жайлары уюштурулду. Өзгөн көмүрүнүн тоннасы 3000 сом, Алайдыкы 4000 сом деп бекитилди. Базарга салыштырмалуу төмөн баадагы көмүрдү бир үй-бүлө бир тоннага чейин сатып алса болот деп айтылат маалыматта.


Арзан көмүр сатуучу жайлардын дареги:

  • Туран аймактык башкармалыгы, Дача участкасы, Нагорная көчөсү, 1;
  • Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгы, Курманжан датка көчөсү, "Ош-Ойл" май куюучу бекетинин маңдайы;
  • Керме-Тоо аймактык башкармалыгы, Черемушка кичирайону, Муминов көчөсү, Араван тракт, 218-квартал;
  • Манас-Ата аймактык башкармалыгы, Жаштар көчөсү, 49;
  • Амир-Темир аймактык башкармалыгы, Целинная көчөсү, милиция бөлүмүнүн жанында;
  • Курманжан датка аймактык башкармалыгы, Ташкент көчөсү, 56;
  • Жапалак аймактык башкармалыгы, Керме-Тоо айылы, Каримов көчөсү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер