Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров: “2023-жылы бюджетти 500 млрд. сомго жеткиребиз”

Акылбек Жапаров: “2023-жылы бюджетти 500 млрд. сомго жеткиребиз”

29-июнь, 20:11
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте өкмөттүн алты айда жасаган иштери боюнча отчетун берип жатып, өлкө экономикасында жылыш бар экенин билдирди. Ал 2021-жылдын консолидацияланган бюджетин ашыгы менен аткарганын айтып, кийинки жылдарга божомолдорун санады.

“2021-жылдын консолидацияланган бюджети 280 млрд. деп пландалган. Бирок фискалдык саясаттын натыйжасында 312 млрд. сомду түздү. Өлкөнүн 2022-жылга консолидацияланган бюджети 403,9 млрд. сом деп бекитилген. Биз бюджетке акча түшүрүүнү улантып, 2023-жылы 500 млрд. сомго, 2024-жылы 600 млрд. сомго киреше-чыгашабызды жеткиребиз деп турабыз” деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казынаны кыйгап өткөн салыктар менен күрөшүүнүн натыйжасында экономика калыбына келип жатканын белгиледи. Ал айрым мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы жогорулаганын айтты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер