Элдин жүгүн тарта албай... Жалал-Абад губернатору Сыргабаевдин тажрыйбасы жетишсиз
Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Барпы айыл өкмөтүнөн Жалал-Абад губернаторлугуна секирик жасаган Абсаттар Сыргабаев бир жарым жылдан бери алгылыктуу ишин көрсөтө алган жок. Жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери ачык айтышпаганы менен ич ара сындашып, облустун жүгүн тартууга деңгээли жетпей атканы талкууда экен. Ириде айыл өкмөттөн акимдикке, андан соң губернаторлукка дайындалса ырааттуу болмок да. Тилекке каршы, бизде кылымда болбогон карьералык секириктер жасала берет. Элдин милдетин алып, аркалап кетүү оңой эмес. Ушул жагынан аксап жатабыз. Жалал-Абад облусунда жер, кен байлыктары жана социалдык көйгөйлөр боюнча маселелер жаралып, элдин нааразычылыгы байма-бай болуп турат. Ошондой кырдаалда Сыргабаев эл астына чыгып, ынанымдуу сөз айтып, ишбилги өнөрүн көрсөтө албай жатпайбы. Сабаттуулугу, тажрыйбасы жетпесе кантет? Байкуш...
"Азия Ньюс" гезити