Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Досалы Эсеналиевге караганда Каныбек Жороевдин пайдасы тиймек

Досалы Эсеналиевге караганда Каныбек Жороевдин пайдасы тиймек

10-сентябрь, 13:06
562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев кагаз ташымай менен жеңил-желпи сөздөн көтөрүлө албай, өзүнүн милдетин алгылыктуу аткара албагандан улам тымызын келишпестиктер жаралды. Өлкөдөгү саясый кырдаалды аныктоо, алдын ала иш-чараларды уюштуруу, мамлекеттүүлүктүн туруктуулугуна таасир этүү жагынан кам көрүшү керек эле. Тилекке каршы, Эсеналиев эңгиреп, идея, демилгени баштай албай, кызматкерлери астында чайналганы жалганбы?.. Эсиңерде болсо, раматылык Медет Садыркулов 2007-жылдагы шайлоодо оппозицияны ийге келтирип, керек болсо “сындырып”, кырдаалдан таза чыгып кетүүнүн жогорку үлгүсүн көрсөткөн. Эң башкысы, агезде өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо, оппоненттерди жеңүү үчүн күрөш болгон. Ошол миссияларды ал аткарган. Кызыгы, азыр деле ошол өңүттөн башкача кырдаал түзүлүүдө. Досалы Эсеналиев эмне кылууда? Көрсө, муну саясатчылар тоготпойт экен. Кадыр-баркы жок болсо, анан кайдан президенттин саясаты алдыга жылмак эле? Андыктан, мындай кашаң кадрдын ордуна жок дегенде Каныбек Жороевге окшогон аппаратчиктер болгондо, азыр абал өзгөрөт беле?...


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер