Мэр Кудайбергенов гезит саткан күркөлөрдөн бизнес жасайбы? Аппаратка кулак кагыш

Өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө гезит-журналдарды окуу жогорку маданияттан кабар берет. Дээрлик саясый-экономикалык жактан багыт алууга, аң-сезимди байытууга окумал чөйрөнүн дилгирлиги маанилүү. Америка, Батыш, Чыгыш өлкөлөрүндө, атургай Азияда дагы гезиттерди жогору баалашып, сатуу жагынан мамлекет көмөктөшөт. Кам көрөт. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул тармак каралбай калган. Шарт түзмөк турсун Бишкектеги, региондогу гезит саткан күркөлөрдү улам чекесинен жаптырып, ачкүсөндөй болгон “жегичтер” жеке бизнестери үчүн пайдаланып жатышкандары жалганбы? Ушул жааттан өлөсөлү өкмөт ойлоно албаса да, президенттик аппарат көз салып, басма сөздү көтөрүү боюнча акыл калчайбы? Өсүп аткан мамлекеттерде улуттук идеологияны, негизги саясатты гезиттер жүргүзөт. А бизде тизеге чаап, чиновниктер сотко беришип, сөз эркиндигин кысып келишет. Бийлик көз кырын салса... Ал эми Бишкек мэри Бакыт Кудайбергенов убактылуу отурганынан пайдаланып, гезит саткан күркөлөрдү жаптырып атканы кандай? Бизнести ушул жактан “кемирип” калдыбы?
"Азия Ньюс" гезити