Кара-Буурада баласынын сабалып жатканын көргөн ата мерт кетти

19-июнь күнү Кара-Буура районунда баласынын сабалып жатканын көргөн ата көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Кара-Буура РИИБге аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, Чымгент айылынын 1963-жылы туулган М.А. аттуу тургунунун жансыз денеси жеткирилгендиги айтылган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Каза болгон адамдын 1997-жылы туулган баласы М.ны айылдаштары: 1999-жылы туулган Ж.И., 1996-жылы туулган Т. уулу А. жана 2001-жылы туулган М. уулу З. эч себепсиз сабашкан. Баласынын бети-башы канап, жаракат алган. Токмок жеп жаткан жигиттин атасы арачага түшүп жатып, белгисиз себептерден улам каза болуп калган.
19-июнь күнү Кара-Буура райондор аралык соттук-медициналык экспертизасынын эксперти тарабынан каза болгон М.А.нын денесине атайын изилдөө жүргүзүлгөндө, күч колдонулган зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Маркумдун баласы М.га жана аны эч себепсиз уруп, ден соолугуна зыян келтиришкен айылдаштарына карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
“Турмуш кж”