Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Мен калыңга, үйлөнүү үлпөткө кызыккан жокмун”

“Мен калыңга, үйлөнүү үлпөткө кызыккан жокмун”

12-октябрь, 12:16
2 771 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен сүйгөн адамыма турмушка чыгайын деп камданып турам. Бирок мени ойлондуруп, ичимен жеп аткан көйгөй бар, менин жактырган адамым жөнөкөй үй-бүлөдөн. Анан анын ата-энеси калың жана үйлөнүү той бере албайт экен, “шартыбыз туура келбей жатат” деп. Бирок менин үй-бүлөм олуттуу үй-бүлө болгондуктан, менден талап кылып жатышат. “Кыз баркы менен кетиши керек, кийин өзүң эле өкүнөсүң, бизге маанилүү эмес” дешип. А мен эч кызыкдар эмесмин бул нерселерге, башкысы, үй-бүлө куруп бактылуу болсом дейм. Жактырган баланын жашоо шартын кабыл алгам, “кандай болсо ошондой көнөм” деп өзүмө сөз бергем. Жакында иним да үйлөнгөнү жатат, келинибизге 250 миң сом калың башаты өзүнчө, анан заманбап тоюн да бергени жатабыз. Кандай кылам? Жигитиме  айтайын дейм, уялам, мамилебиз аябай сый. Ата-энеме каршы чыгайын десем, чын эле балким калыңы жок келинди кайын журту өмүр бою кемсинтип өтөбү деп ойлоном. Кеңеш бериниздерчи?

Айдай
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер