Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Байсалов президент Жапаров боюнча туруктуу позицияны карманып келатат

Байсалов президент Жапаров боюнча туруктуу позицияны карманып келатат

15-февраль, 01:51
908 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   Акыркы эки-үч күндөн бери айрым блогерлер, журналисттер, депутат Камила Талиева жана башкалар Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун акыркы саясый кырдаалга байланыштуу айткан пикирин тетири бурмалап жатышканы байкалат. Арасында “Байсалов эмне үчүн азыр гана сүйлөдү? Буга чейин унчукай отуруп, УКМК тараптан айрым аша чапкан аракеттер болгонун эми айтты го?” деген суроолор коюлууда.

     Бирок, мындай кине кимге айтылса дагы, Байсаловго жабышканы өтө калпыс болуп жаткандай. Анткени, үч жыл мурун, көптөр түз жооп берүүдөн качып, “сигнал” күтүп турган учурда, Байсалов ачык эле “Азаттыктын” эфиринде “кийинки президент Садыр Жапаров болот жана ал шайлоого катышат” деп айтканы бар. Ошол кезде айрымдар аны шылдыңдап, “эмне деп жатасың, бул маселе чечилип калган, Садыр Жапаров шайлоого барбайт, генералдын каарына калба” дешкени дагы белгилүү эмеспи. Ал эле эмес кечээ жакында саясый градус туу чокусуна чыгып баратканда да көптөр позициясын ачыктай албай, баштарын кумга каткан төө куштай абалда турушту.

     Ал эми кыска убакытта кимдин ачык сүйлөгөнүн, ким конъюнктурага жараша позиция кармаганын көрсөттү.

     Акыркы учурда саясый турбуленттүүлүк туу чокусуна чыгып баратканда, баары унчукпай турганда Эдил Байсалов “24.kg” агенттигинде “Жапаров кийинки шайлоого барат” деп ачыктаган. Андан кийин мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу менен депутат Кундузбек Сулайманов президентке каяша айтып, саясатчы, чиновниктин баары талтайып калганда Эдил Байсалов Дубайда туруп, “Азаттыктын” эфиринде дагы бир жолу “Садыр Жапаров кийинки президент болуш керек” деп жар салды.

     Эми Байсаловду ким кандай кабыл албасын, ал эч качан унчукпай макул боло берген адам эмес. Министрликтердин коллегияларында, коомдук аянтчаларда ал күч түзүмдөрү тарабынан болгон айрым аша чапкан аракеттер, Конституцияны, мыйзамдарды, демократиялык принциптерди сактоо зарылдыгы жөнүндө бир нече жолу айтып келгенин баары эле билишет. Бул сөздөр кечээ эле айтылган жок жана бирөөнүн кызматтан кетишинен кийин гана чыккан пикир эмес.

     Ошондуктан аны “окуя болгондон кийин гана сүйлөдү” деп айыптоо асыресе адилетсиздик. Бул же унутчаактык, же атайын бурмалоо.

     Биз эмоцияга эмес, окуялардын хронологиясына жана позициянын ырааттуулугуна таянуу менен анализ жасоону үйрөнүшүбүз керек. Саясатта талашууга, о.э. баш тартууга болот. Бирок фактыларды жокко чыгаруу акылга сыйбайт эмеспи. А болбосо коомдук пикир реалдуулукка эмес, ызы-чуунун негизинде калыптанат...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер