“Министр” Улан Ниязбеков каратып туруп калп айткан шылуун беле?
ИИМдин милдетин аткаруучу Улан Ниязбековдун каратып туруп калп айткандарын угуп, жакабызды кармадык! Бул эргулдун кылыгын кара: кылмыш ишине шектелген Эмилбек Кимсанов менен телефондо сүйлөшүп атканы, ага жардам берүүгө ниет кылганы ачыкталып, баары интернет айдыңына жарыяланып кеткен. Эми Эмилбек Кимсановду билбей турганын, ага карата кылмыш козголгонун прессадан укканын “Азаттыкка” айтты. “Башка Улан...” деп каратып туруп жанын жеди. Экөөнүн ынак адамдардай сүйлөшкөн видеосу сакталуу, натыйжада, экспертизага берип, текшертүүгө болот. Дал ушул миссияны УКМК же башкы прокуратура тез арада териштирип, бул жетекчиге карата юридикалык баа берип, жоопкерчилигин караш керек. Дагы бир олуттуу жагдай, 2012-жылы Улан Ниязбековго кылмыш иштери козголуп, ички иштер тармагынан 2014-жылы кызматтан айдалган. “Мактаган кыз тойдо осурат” дегендей, “жаш, таза кадрдын” тамтыгы чыгып калбайбы?.. А баса, “Райым Матраимовду тааныбайм” деп “балп” эткизген Улан Ниязбеков ушунчалык “куйругун кесип” кеткен шылуун беле? Кызык фактылар али алдыда!
"Азия Ньюс" гезити