Паракорлукка каршы күрөшпөй, кедеринен кеткен Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев
Көбүнчө милициянын катардагы кызматкерлери пара алууга айыпталып, колго түшүп атышат. Мындай көрүнүш ай сайын катталууда. УКМК менен ИИМ биргеликте коррупцияга каршы иш-чараларды жүзөгө ашырууда. Албетте, өздүк курамдын тазалануусу керек. Бир маанилүү жагдайды эске алсак, паракорлук менен кармалып атышкан кызматкерлер өздөрү эле жазаланбай, алардын жетекчилерине да баа берүү зарыл. Мисалы, Бишкек ШИИБнин начальниги Азамат Токтоналиевдин кол алдында иштеген ондогон опер, учасковыйлары бир жылга чукул убакыттан бери камалып эле жатышат. Өзү сөгүш алып, ээлеген кызмат ордуна татыксыз болуп келсе, акыры жыйынтык чыгарыш керек да. Өздүк курамдагыларда көйгөй жаралса, Азамат Токтоналиев башын үстөлгө катып, шүмшүйүп отурганды адатка айландырдыбы? Деги ушул паракорлукка, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп, жетекчи катары тазалыкка карай демилге көтөрдүбү? Жок! Бул кадр алыс деле узабай калды окшойт. Бийик ойлоно албай, бекер жерден “Хасбик” каймана атына кабылбаса керек.
"Азия Ньюс" гезити