Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Жанирмем » Турмушка чыгып, ушул үйгө келгенимден бери тынч жашоону көрбөдүм
Турмушка чыгып, ушул үйгө келгенимден бери тынч жашоону көрбөдүм
16-ноябрь, 12:20

Турмушка чыкканыма бир жарым жыл болду. Бир балам бар. Турмушка чыгып, ушул үйгө келгенимден бери бир тынч жашоону көрбөдүм. Кайненем менен кайнатам кечке урушканы урушкан. Кайнатам кечке наалып, сөгүнө берчү адаты бар. Кызды кыз, келинди келин дебейт. Күйөөм болсо көчөнүн адамы. Түн бир маалда келип жатат. Эртеси дагы эле ошол, иштесе-иштебесе деле көчөдө. Тапкан акчасын чачып келет. Бактылуу үй-бүлөлүк жашоону элестеткен жаным, чарчап кеттим. Жашоодон көңүлүм кала баштады. Аллахым ушул баламды берип, мени ушул жерге байладыбы? Жашообуз оңолуп, туура жолго келеби? деп ойлонуп, баш ооручу болду. Не кылсам болот? Кантип үй-бүлөмдү ынтымакка, күйөөмдү туура жолго чакыра алам?
Айзат