Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: "Президенттин сөзү — бул шамалдын ышкырыгы эмес”

Нуржигит Кадырбеков: "Президенттин сөзү — бул шамалдын ышкырыгы эмес”

11-май, 11:57
517 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Бишкек шаарынын мэриясынан Кыргызстанда чыгарылган "Белес" автобустарын сатып алууну талап кылды. Эл өкүлү жаңы чыгарылганда мамлекет башчы Садыр Жапаров барып айдап көрүп, башында 10 автобус сатып алууну, жакшы чыкса дагы көп буюртма берүүнү убадалаганын эске салды.

"Президенттин сөзү — бул шамалдын ышкырыгы эмес. Арадан бир аз өткөндөн кийин Бишкектин мэри "карап көрдүк, андай-мындай экен, албайбыз. Дүйнөдө жакшы автобустар бар, булар кол менен топтойт экен" деп жатат. Анан эмне менен топтосун, мамлекет завод куруп же бир жабдык сатып бербесе. Чет элдик кредитке автобус алып келебиз дегенде дагы акча өзгөгө кетпей, өзүбүздө калсын дегем. Анда мэрия "башка бюджеттин эсебинен сатып алабыз" деп оозун толтуруп айткан" деди Кадырбеков.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер