Канышай Мамыркулова олуттуу сын-пикирлери менен куйканы куруштурууда
Журналист Канышай Мамыркулова жалгыз өзү бүтүндөй бийликтин пиар кампаниясы менен күрөшүп, үстөмдүк кылууда. Фейсбукта олуттуу сын-пикирлери, омоктуу ой жүгүртүүлөрүн байма-бай жазып, куйканы куруштурууда. Ооба, чиновниктердин да. Өзгөчө Акылбек Жапаровду “тебелеп”, айыбын ачкан жагынан мастер. “Абам” деп Садыр Жапаровду да жөөлөп өтөт. Анан фейк-фабриканын чабуулуна кабылат, бирок моюн бербей, курч тили менен баарын “кууруп” келүүдө. Камчыбек Ташиевди “братишкем” деп аяп тургандай мамилесин байкайбыз, анын эркекче жүргөнүн аз да болсо сыйлайт окшойт. Ушундай. Лөктөрдүн баарын тынч койбогон Канышай Мамыркулованын күрөшчүлдүгүнө, туура сөздү таба алганына баракелде! Акыркы жылдары бийликти сындаган саясатчылар калбай калганда, каарман айымыбыздын кайратына “бали!” дейли. Негизи кыйын экен. Биз ак менен караны ажырата билгенде гана өнүгөбүз да, эмесе, туура жолду тандайлы. “Мурч тилдүү” эжебизди колдойлу!
"Азия Ньюс" гезити