Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов: “Президенттик күрөшкө аттангандан кийин орто жолдон ойт бербейм”

Бектур Асанов: “Президенттик күрөшкө аттангандан кийин орто жолдон ойт бербейм”

08-ноябрь, 13:00
1 284 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясатчы Бектур Асанов президенттикке талапкерлигин койду. Эр ортону элүү жашты багынтып, иштесе ишке тойбой турган чагы экен. Алдыга койгон жакшы максаттарына учкай токтолду. Баарын эле айтып-жайып отуруп калбай, иш жүзүндө көрсөтөрүн, сөзгө туруктуулугун айта отурду. 

-- Бектур мырза, президенттикке талапкерлигиңди коюп атыпсың, бул жөн жерден эмес болсо керек?

-- Сөзсүз түрдө жөн жерден эмес. Муну айтып коюшум шарт. Саясатта 30 жылдан бери аралашып келатам. Ысыгын да, суугун, андан да катаал нерселерин көрдүм. Студент кезимде эле Кыргызстандын жүргүзүп аткан саясаты көңүл чордонумда эле. Ал эми официалдуу түрдө саясатка аралашканыма 20 жылдан ашты. Ушунча жылдардан бери илим, билим, тажрыйбанын баарын эске алып, президенттик шайлоого өз талапкерлигимди коюп атам. Себеби, зериккендин оокаты эмес, баардык жагынан баралыма келип турган убак. 51 жаш – жаш бала эмес, улгайып, алдан-күчтөн тайыганды айтпай тек коёлу, мамлекет үчүн, эл-жер үчүн жан аябастан кызмат кыла турган мезгил. Ошондой эле терең ойлонуп, ага-тууган, жээк-жат, дос, пикирлештердин кеп-кеңеши менен коюп атам.  

-- Шайлоонун шайтан оюндары болот эмеспи, аягына чейин барасыңбы же орто жолдон чыга кетмей болобу? 

-- Далай жолу шайлоонун шайтан оюндарын көрдүк, анын аягы жакшылыкка алып келбесине көзүбүз жетти. Өзүңүз билесиз, менин андай жаман ойт берме жагым жок экенин. Табиятымдан сөзгө турбоо, айнып кетүү, интригага берилүү жагы жок, түз жүрөм. Ал жагынан кабатырланбай эле коюшса болот. Шайлоонун аягына чейин барам.

-- Канчалык шансың бар?

-- Шайлоодо канчалык шансым бар экенин эл аныктайт. Биз колдон келишинче аракетибизди жасайбыз. Эң негизги максатыбыз – идеяларыбызды, максатыбызды, ойлорубузду элге жеткирип, болушунча элди ынандыруу. Буюрса, баары жакшы, өз нугунда болоруна терең ишенем.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер