Кыргыз прозасындагы Чыңгызхан: автордук концепциялар

Чыңгызхандын бейнесин Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чыңгызхан» романына караганда башкача, же түз айтканда, карама-каршы өңүттө ачып берүү аракетин азыркы адабиятыбыздагы кыял чабыты кенен, чебер жазуучулардын бири Айдарбек Сарманбетов «Чыңгызхан. Жазылбай калган каргыш» аттуу чакан повесть-эссесинде жасаптыр. Повесть бирдиктүү сюжетке негизделбей, өз-өзүнчө каармандар жана окуялар баяны сыяктуу көрүнгөн аңгеме-новеллалардан турганы менен алардын баарын Чыңгызхандын легендарлуу фигурасы, анын анчалык изи сууп кетелек заман-доору бириктирип, бекитип турат. Чыгарма Темүчиндин келишкис душманы меркиттерди тукум курут кылган жүрүшүндө бир паста солкулдаган уулунан, андан да мүшкүлдүүсү – ана-мына төрөйм деп турган келининен айрылып, али жаны чыгалек келининин курсагын жара салып, ымыркайды сактап калган эненин ошол ханга: «Бу байкуш балдарымда эмне айып?! Балдарыңдын арманын тартып кал, мендей кан кусуп! Эзели тукумуң жарыбасын! Карышкырдай улуп калгыр! Өзүң да, балдарың да аялдан армандап калгыла! Тукумуң узарбасын!.. Наалат сага, Темүчин! Каргыш!» деп бир (2, 96-б.), анан дагы: «Көрүңдө жай албай улуп калгын!» деп экинчи каргыштарын баяндоо менен башталат. А.Койчиевдин романындагы Чыңгызхандын арбагынын тыным албай дүйнө кезип, сыздап калышынын бир себеби ушул каргыш болуп жүрбөсүн деген шарттуу суроо салсак (эгер элдин ишениминде эбегейсиз терс энергия көтөргөн каргыштын күчүнө ишенсек), анда анын турмуштук жөндүүлүгүн да жокко чыгаруу кыйын. Арбак, каргыш, бата, дуба жана башка тагдырга таасир берүүчүлүк күч-кубатка эгедер ишенимдердин өзүндө көркөм шарттуулуктун үлүшү зор жана алар орду менен колдонулганда көркөм чыгармага салмак кошуп, анын кайсы бир көмүскө жактарын ачып берүүгө кызмат кылат. Каргыш качан айтылат, аны ким айтат? «Алы жетпеген акыретчил» дегендей, аны башына мүшкүл түшүп, болгон ишти артка кайтарууга, оңдоого дарамети жетпесин түшүнгөн, амалы түгөнүп, аргасы кеткен адам гана айтат. Анын негизинде сөздүн кереметтүү касиетине жана ченемсиз оң же терс энергиясына болгон ишеним жатат.
Көзү тирүүсүндө каргышка кабагым-кашым дебеген Чыңгызхан эми арбак абалында жаны күйгөн кемпирдин кейпин кийип турат. «Дүйнө тоголок», «Мээнетиңе да, дөөлөтүңө да ишенбе» деген элдик философияда айныгыс чындык уюп жатканы мына ушундайча далилденет. Бул белгилүү иш. Кызык жери – бул кемпирдин каргышын А.Койчиевдин сөз болгон романына оодарсак, ал толугу менен кабыл болуп, ишке ашканын көрөбүз. Андагы Чыңгызхандын арбагы кемпир айткандай «көрүндө жата албай улуп», бийлиги узарган, бирок адамдык кедери кеткен балдарынын (урпактарынын) азабын тартып жүрөт. Советтик коом көп нерсеге, анын ичинде Чыңгызхандын заманынан бери курсагы тойбогондорду тойгузуп койгондугу, далай айыпсыз адамдардын жанын алгандыгы үчүн «айыптуу» болгону менен улуу деп саналган ушул адамдын урпактарынын моралдык-нравалык деградациясы эчен кылымдар мурда, социализмден дайын жок кезде эле ишке ашып, «болчусу болуп, боёсу канып калган» эле да. Анда эмне себеп? Бийлик, байлык талаштан тышкары, бир кемпирдин эле эмес, миң-сандаган адамдардын каргышы ушуга жеткирдиби!? Романда мындай суроо коюлбайт, тескерисинче, байлык, мансап талаш болбосо, балким, баары сонун болот беле (?) деген ой кылтыйып турат. Албетте, А.Койчиев кемпирдин каргышын билген да, уккан да эмес, ал интуитивдүү түрдө Чыңгызхандын империясынын жана тикелей өз тукумдарынын толук деградациясы бекер жерден болбогонун, анын тамыры алда канча терең экендигин жакшы түшүнөт, бирок анын себептерин ал башка тилкеден издеп, «төрөлөр» институтунун кыйрашына каргыш себеп болушу ыктымал деген нерсе оюна да келбейт. Ага совет бийлигинин тийешеси жоктугун да жазуучу жакшы билет. Каргыш бул жерде айтып бүткүс азап-тозокко кабылган эсепсиз адамдардын (элдердин) Чыңгызханга каршылыгын, күрөшүн, наалат-жектөөсүн өзүнө сиңирген символго айланып кетери анык. Ошол каргыш-күрөш ичтен ирий баштаган Чыңгызхандын мураскорлорунун адамдык нарк-насили менен бирдикте эбегейсиз империянын жана жер жайнаган хан тукумунун акырындап кыйрашына алып келгени да шексиз. Бирок мындай «терс» көз караш А.Койчиевдин романында жок жана болушу да мүмкүн эмес. Анткени анын тарыхта бир далай далилдери турса да, Чыңгызханга «жаман сөз» тийгизүү жазуучунун концепциясына төп келбейт.
Арслан Койчиевдин романында Чыңгызхандын өз тукумун каргап, анысы кабыл болгону тууралуу кыйытма ой бар. Тарыхта Бердибек хан менен ага чейин ыдырап бүтүп калган монгол империясы биротоло жок болуу жолуна түшкөндүгү тууралуу маалыматтар кенен эмеспи!? Автор муну алдын ала хандын өзүнө айттырып отурат. Демек, мунун өзү каргышка ишенүү мотивин ар бир жазуучу өз максатына жараша колдонорун айгинелеп турат. Романда бир туугандарын өзгөчө ташбоордук менен кырып, андан рахат алган өз урпагы Өзбек хандын жоругуна жаны ачыган Чыңгызхандын арбагынын абалы мындай: «Таарынды да каргады. Ала жатчудай каарданып, жаткыра чапчудай, төбөсүнөн урчудай каргады. «Тукумумдун куну ушул, тукумуң чыкпасын! Бердибегиң менен токтойсуң!» деди Чыңгызхан (1, 93-б.). Тарых айтып тургандай, хандын каргышы кабыл болуп, анын урпактары кумга сиңген суудай жок болсо, кемпирдин каргышы да талаага кетпей, хандын өзү да, урпактарынын бири да аны жандырууга жарабагандыгын А.Сарманбетов өз повестинде көркөм ынанымдуу далилдеп берет. «Турмуштун өзүндө каргыш сөзсүз ишке ашат» (аны убагында жандырбаса) деген ишенимдин генезисин иликтебей, аны көркөм аллегория менен көркөм шарттуулуктун адабиятта боло келчү каражаттары иретинде реализациялоо жолдоруна байкоо салганда деле эки автордун позициялары тогошкон жерлер бар. Бул жерде «болору болгон иштин», же натыйжанын себептерин көркөм иликтөөдөгү ыкмалар жана андан чыгарылган тыянактар маанилүү. Калганы албетте, эки автордун көркөмдөлгөн, шөкөттөлгөн кыял чабыттарынын туундусу болсо да, ошол эле мотивдердин көркөм ынанымдуулук деңгээлдери ар түркүн жана ар бири өзүнчөлүккө ээ болуп турат.
А.Сарманбетовдун повестинде Чыңгызхан ичээр суусу, көрөр күнү түгөнүп калганына көзү жеткенде гана баягы кемпирдин каргышы эсине түшүп, аны жандыра албай калганына катуу өкүнөт. Аныгында кемпирдин каргышы эсеп-чоту жок миңдеген адамдардын наалатын камтып турары бышык болсо, аларды хандын кеңешчиси Элю-Чу-Цай же татар катындар кантип жандырары айтылбайт. Аны эч ким: хан да, кеңешчи да билбейт. Автор да билбейт. Бирок ошол каргыш укумдан тукумга өтүп, кесепеттүү, кетпес кеселге айланары окуялардын андан аркы өнүгүшүндө белгилүү болот. Жазуучу мындай тарыхий баянды орто кылымдардагы атактуу тарыхчы Джувейниге жүктөп, өзү байкоочу катары четте турат. Анда А.Койчиевдин романындай көп катмарлуулук, майда-барат көрүнүштөрдүн каймана маанисине басым жасоо, окуялар менен каармандардын ырааттуу алмашып, кайра биригүүлөрү, мезгилдик жана мейкиндик алкактарын өзгөрткөн ретроспективдүү нарративдер жок. А.Сарманбетов адегенде Чыңгызхандын акыркы күндөрүндөгү өкүт-арманына назар салып, анын улуу баласы Жоочунун тагдырын кыскача баян этет да, чоң атасынан бери кубалаган каргыш небереси Батый менен чөбөрөсү Сартакты да айланып өтпөгөндүгүн кыска-кыска баян кылат. Тарыхый маалыматтарга жана жазуучунун орошон кыял чабытына негизделген бул баяндардын ички байланышы бекем. Батыйдын хорват кызына болгон армандуу сүйүүсү, анын уулу Сартактын да орус кызына ашыктыгы, акыры аталаш тууганы Беркенин колунан ууланып каза болушу тууралуу баяндар таасын сүрөттөөлөргө, терең ой-толгоолорго, ички чыңалууларга толтурулуп, бир убакта дүйнөнү дүңгүрөткөн адамдар деле бу ааламда алсыз жана армандуу пенде экендигине басым жасалат. Эсепсиз байлык, чексиз бийлик адам бактысынын кепилдиги боло албастыгын, ким болбосун ыйман-ынсаптан ажыраса, анын жазасы (каргыш) табыларын жазуучу аталган каармандардын кейиштүү, армандуу тагдырларынын мисалында ачып берет. «Жараткан баарын таразалап, бакытка кайгыны, күлкүгө ыйды, бийликке кулдукту, баатырлыкка коркоктукту, күч-кубатка алсыздыкты, өмүргө өлүмдү, махабатка арманды жуптап, теңдеп койгон турбайбы! Эч бир пенде канчалык ашынып кеткен акылман, не бир ченемден чыккан мыкчыгер болбосун ал, улуу теңдик мыйзамын аттап, эзели буза албайт» (2, 111-б.). Чыгармадагы мына ушундай философиялык тыянактын чыгышына элдик түшүнүк боюнча адам тагдырын өзгөртүүчү энергиясы бар каргыш таяныч болуп берет. Демек, каргышка калбай өмүр сүрүүнүн өзү – ханбы, ашпозчу же катардагы жоокер болобу, адамдын нукура адамдыгын, ыйманын айгине кылган маанилүү социалдык-рухий категория катары эсептелет. (Ушул жерде А.Сарманбетовдун повести боюнча көңүл бура кетчү бир жагдайды белгилей кетели: анын «Жети кылымдан соң...» аттуу эпилог сымал корутунду бөлүмү буга чейинки тарыхый баяндардын ыргагына коошпой, салмактуу, объективдүү баян публицистикага алмаштырылат. Атактуу бир адамдын элге тарап кеткен эки Чыңгыз (Чыңгызхан жана Чыңгыз Айтматов) тууралуу сөзүнө кенен-чонон комментарий берүүнүн бул жерде эч зарылдыгы жок болуп, бүгүнкү күндөгү иштерди кокусунан эле чыгарманын негизги объектиси болгон өткөн доорго чаптай салуу ылайыксыз. Анүстүнө буга чейинки баяндар Джувейни тарабынан жүргүзүлүп келсе, эми ага автор өзү кийлигишип, Чыңгыз Айтматов тарыхчынын замандашы эместигин эсинен чыгарып салат).
Таланттуу эки калемгердин бир эле маселеге көз караштарында ошентип көркөм-тарыхый материалдын жакындыгы менен шартталган жалпы үндөштүктөргө катар өзгөчөлүктөр да жетиштүү жана автордук концепцияны жүзөгө ашыруунун жолдору, каражаттары айырмалуу, атүгүл карама-каршы десек да болот. А.Койчиев Чыңгызхандын терс иштерин эске салуудан сактанып турса, А.Сарманбетов анын дүйнөгө апкелген «жамандыктарын» көңүл борборунда кармап, жөн жерден каргышка калбаганын унутпайт. А.Сарманбетов баяндоону чачыратпай тыкан кармап, айтайын деген оюнан алыстап кетпесе, А.Койчиев өтө кылдат жана иргеп сүрөттөөгө, айрым тексттерди, сөз айкаштарын жана бүтүндөй сүйлөмдөрдү тынымсыз кайталоолор аркылуу өз оюн окурмандын көңүлүнө кыттай куюу аракетин көрөт. Бирок алар ашыкча колдонулуп, тавтологиялык мүнөз алганын сезбей калган учурлар кездешет. Дегинкиси, бул көрүнүш көркөм стилдин шаблондуулукка ооп баратышынан кабар бериши да ыктымал. Ч.Айтматов «Кылым карытар бир күн» романында мазмундук жактан чулу таштай, кайталанган сайын жаңыча жалпылама-символдук функция көтөргөн өтө чакан, бир нече сүйлөмдөн турган тексттин үлгүсүн калтырып кеткенин да эстей жүрүү зарыл окшойт. Ошол эле романга кошумча иретинде жазылган «Чыңгызхандын ак булуту» повести менен Ч.Айтматов ушул темага мурда кездеше бербеген көркөм-эстетикалык призмадан назар салып, чексиз бийликке ээ болгон адамдын жашоо-тирлигиндеги трагизмдин тереңдигин ачып берген.
Курманбек Абакиров, филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы
"Азия Ньюс" гезити