Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Надира Жусупбекованы кемсинткен Айсулуу Мамашованын арты тазабы?

Надира Жусупбекованы кемсинткен Айсулуу Мамашованын арты тазабы?

02-июль, 22:45
533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Депутат Айсулуу Мамашова билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованы кемсинтип сүйлөп, кагып-силкип, урушуп атканы этикага туура келбей калды. Курулай популизм, ашыкча эмоция менен эле төш кага береби? Биздин баамыбызда, Надира Жусупбекова өз ишин мыкты билген кадр. Ондогон жылдардан бери жалпы билим берүү системасы сазга батып калса, тийешелүү деңгээлде каражаттар бөлүнбөсө, башкаруу жарашпаса, көйгөйлөр чыга берет да, туурабы? Эми бул жагы өзүнчө кеп. Негизи Айсулуу Мамашова аша чаап, жаш балага мамиле жасагандай министрдин орун басарына атырылганы акылга сыйбайт. Эгерде конкреттүү аргументтери болсо, орду менен сүйлөп, оор басырыктуу мүнөзүн көрсөтпөйт беле? Андай акылмандыкка жарабады. “Айтылбай турган сөз эле...” демекчи, Айсулуу Мамашова депутат болгонго чейин “Дасмия” ресторанында иштеп келген. Азыр көп тармактуу эс алуучу, оюн-күлкү кура турган жайга айланды. Карапайым адамдар үй салуу үчүн 4 сотых участокко жетпей жүрүшсө, Айсулуу атасы Турусбек Мамашов экөө гектарлаган жерлерге каяктан ээлик кылып калышкан? Мыйзамдуулугун иликтеген орган барбы? Теңдик кайда? Соболдор арбын. Жооп бере турган күн да келсе керек...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер