Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Капаров: “Арзыбек Бурханов менен Болот Абилдаевди жоопко тарталы”

Чыңгыз Капаров: “Арзыбек Бурханов менен Болот Абилдаевди жоопко тарталы”

21-март, 20:46
2 743 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттаганы боюнча алдыга озуп кетиппиз. Буга эмне себеп болууда?

-- Кымбатчылык абдан курчуп турат. КМШ мамлекеттеринде эң эле жогорку көрсөткүч биздин өлкөдө болууда. Бензин күн сайын кымбаттоодо! Деги эле кымбатчылык баардык нерсени каптады. Бирок бул күйүүчү-майлоочу майдын баасынын өсүшү аша чапкандык. КМШ өлкөрүнүн ичинен кымбатчылык боюнча лидер болуп чыга келиптирбиз:

Армения – 4%

Өзбекстан – 9%

Беларусь – 9%

Казакстан – 11%

Украина – 15%

Кыргызстан – 21%

Буга Газпром-Кыргызстандын башкы директору Абилдаев Болот Ералхановичтин түздөн-түз тийешеси бар. Бул бийликке берчүсүн берип коюп, “доляда отурат. Жоопко тартыш керек! Бул чоң мафия.  

Андан сырткары, азык-түлүк, эт азыктары дагы кескин кымбаттап кетти. Биз агрардык мамлекетпиз. Жаз келип калды. Ага карабай, азыркы убакта бийлик кадр алмаштыруу менен эле алек. Мисалы, бир райондо 4-5 жыл аким болгон адамды же мамлекеттик мекемелерде 4-5 жыл жетекчи болуп иштеген, эч бир жыйынтык бербеген жетекчилерди эле кайра башка район-облуска аким кылып жогорулатып жатат. Эл ушинтип кыйналып жатса, шоу көрсөтүп иштөөнүн кимге кереги бар? Бирөөнү камап, бирөөнү чыгарып жатышат. Азыр Арзыбек Бурхановго окшогон “серый кардиналдар” көбөйдү. Токтотолу, иштерин карайлы! Өзүңүздөр билгендей, Арзыбек Бурхановдун адамдары көп кызматтарга барды. Бир тууган иниси Баткен облусунун ички иштер бөлүмүн жетектеди. Жардамчысы Баткен облусунун губернатору болду эле, кайрадан келип ал өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп шайланды. Айдоочусу Баткен облусунун губернаторунун орун басары болуп келди. Бул эмне деген шумдук! Биз бүгүн экономикабызга эбегейсиз салым кошуп, ошого аракет жасообуз зарыл. 

Күн санап эл кыйналып баратат. Нанга жетпегендер көбөйдү. Жаз келди, эми солярка, бензин мындан эки эсе кымбаттайт. Бизде бензин бир литрине 11 сомго чейин кошулду. Ушундай нерселерди бийликке ачык айтып, талап кылышыбыз керек! 


Гүлжан Төрөбаева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер