Кытай элчиси Айгүл Жапарова жетектеген фондду колдоосун улантат


Президент Садыр Жапаровдун аялы, "Эне-балага тирек" коомдук фондунун жетекчиси Айгүл Жапарова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен менен Баткенде тигүү, нан жабуу ишканаларын ачуу долбооруна байланыштуу аземге катышты. Аталган элчиликтин басма сөз кызматы бул долбоор Бээжиндин колдоосу менен ишке ашырылганын кабарлады. Элчилик "Эне-балага тирек" фондунун социалдык долбоорлорун колдоону мындан ары дагы улантары айтылган.
"Элчи өз сөзүндө ишканаларды ачуу ийгиликтүү болгонун белгилеп, эки өлкөнүн достугунун тарых-таржымалы узун экенин, эки мамлекеттин тарыхында стратегиялык өнөктөштүгү эң жакшы этапта турганын белгиледи. Айгүл Жапарова элчиликке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жергиликтүү элдин пикири эске алынганын, алардын айрыкча аялдарды жумуш менен камсыз кылууда, социалдык туруктуулукту жана экономиканы өнүктүрүүдө мааниси чоң экенин белгиледи" деп көрсөтүлгөн маалыматта.
"Эне-балага тирек" фонду жана анын жетекчилиги буга байланыштуу маалымат тараткан жок. Баткенде долбоордун алкагында канча ишкана ачылганы, канча адам иш менен камсыз болгону азырынча беймаалым.
Айгүл Жапарова жетектен фонд башында "Үмүт булагы" деп аталып жүргөн жана юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, азыркы аталышы менен ушул жылдын март айында кайра каттоодон өткөн.










