“Комиссар Каттани” аз күндө радикалдуу оппозицияга аттанабы?
Коопсуздук кеңешинде убактылуу кармалып турган, чындыктын символу генерал Өмүрбек Суваналиев бийликтеги сабатсыздарга тоюп бүттү окшойт. Жакынкы күндөрү радикалдуу оппозицияга өтсө, эң башкысы, аны менен интеллектуалдык күчтөр, белдүү азаматтар бир болору каңкууланды. “Комиссар Каттани” Акаев бийлигинен бери тайманбай, ар дайым эл тарабында болуп келген. Бул саам да чындыкты айтууга, түйшүктү көтөрүүгө адам керекпи? Ойлонгула...
Эске салсак, генерал Суваналиев Оштун КГБсын башкарып турганда вагондорду токтотуп, контрабандалык курал-жарактарды кармап, коомчулукка ачыктабады беле? Ошол акаевдик режимде учкан жаткан вертолетка жармашып, террористти кармап, ондогон адамдардын өмүрүн алып калганын кайда жашырабыз? Булардын баары постсоветтик өлкөлөргө жарыяланган... Бакиевдик доордо Рысбек баардык саясатчыларды коркутуп алганда, жалгыз Өмүрбек мырза баш көтөрүп, түнкүсүн Правда көчөсүнөн кубалаганы жалганбы? Бул боюнча эл арасында легендалар айтылып жүрөт. Кийин Суваналиев Нарында губернатор болуп турганда, Аксай, Арпанын кытайга кетишине каршы чыгып, өзү атчан барып, жерибизди сактап калганын унутпайлы. Ошол кезде Камчы Көлбаев эл аралык кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен Нарынга келгенде, дал ушул биз сыймыктанган Өмүрбек агабыз аларды колго түшүрүп, баарын жерге жаткызып, Теңир Тоодон кубалап чыккан да! Бийлик мыкчыгерлери Жаныш Бакиев, Молдомуса Конгантиевдерди укпай койгон...
“Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, биз баатырларды баалай албай, кызганып, тескери кетип атабыз. Бирок, эр-азаматтар баш көтөрө турган да мезгил келет... Шашпай тургула, шишиңер толуп баратат...
Aryba.kg