Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук университетке көз артып, Сыртбай Мусаев эмнени баштады?

Улуттук университетке көз артып, Сыртбай Мусаев эмнени баштады?

18-март, 11:45
659 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет – жогорку окуу жайларыбыздын флагманы. Окуу жайда инновациялык алдыңкы технологиялар окуу процессинде кеңири колдонулат. Обзордук, теориялык лекциялар, семинардык, лабораториялык сабактар кыргыз, орус топторуна бөлүнүп, эки тилде өтүлөт. Университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын жүргүзүүнүн программасы иштелип чыккан. 

Окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамааты мамлекеттик тилде окуу китептерин, окуу куралдарын даярдап чыгарышкан. Мисалы, К.М.Мамытов “Стратегиялык менеджмент”, С.Б.Бообекова “Элементтердин химиясы”, А.Мурсалиев, Т.Ниязов “Жалпы экологиянын негиздери”, Г.А.Жантаев, Б.К.Кадырова “Адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы”, А.Саадабаев “Дифференциалдык теңдемелердин курсу” деген китептери жалпы республиканын ЖОЖдорунун студенттери үчүн колдон түшкүс китепке айланган. Ал эми автордук коллектив тарабынан даярдалган “Жогорку окуу жайларында жүргүзүлүүчү иш кагаздарынын үлгүлөрү жана орусча-кыргызча сөздүк” 76 университеттин, эки жүздөн ашык техникумдардын, кесиптик орто окуу жайлардын иш кагаздарын жүргүзүүгө чоң салымын кошуп жатат. 

Мамлекеттик тил мыйзамы жогорку деңгээлде жүзөгө ашып жаткан улуттук университетке КР президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия текшерүү жөнөтүп, “университетте мамлекеттик тилдин абалы начар” дегенге такап, “...окуу жайдагы мамлеккеттик тилдин абалын 3-4 айдан кийин кайра кароо маселесин сунуштоо менен мамлекеттик тил саясатынын абалы оң жагына өзгөрбөй турган болсо, анда “улуттук” деген статустун зарылдыгы жөнүндөгү суроо күн тартибине коюлат” деп жыландын башын кылтыйткан. Улуттук тил комиссиясынын башчысы, академик Сыртбай Мусаев көрсөтмө бербесе, комиссия статуска кантип асылат? Анан калса “улуттук” деген статусту Сыртбай Мусаев бербейт, бербеген соң ала да албайт. Тил комиссиясынын ишин жөндөй албай жатып, анын бул кылганы “университеттин жетекчилиги начар иштеп жатат, мен барсам оңдойт элем” дегенди бийликке каңкуулап турат. Университеттен окуп, 30 жылдан бери университетте иштеп келаткан Сыртбай Мусаевдин эми минтип өзү суу ичкен кудукка түкүрүп, ага асылып жатканы “жаманды жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн чыгара чабат” дегендей эле болуптур. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер