Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан БЕКЕШОВ, ЖК депутаты: “Бул “пососи” деген сөз конфетке эле тийиштүү да”

Дастан БЕКЕШОВ, ЖК депутаты: “Бул “пососи” деген сөз конфетке эле тийиштүү да”

29-ноябрь, 16:07
500 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан мырза, жакында болгон митингди “Америка уюштурду” же болбосо, “артында Бабанов турган болушу мүмкүн” деген маалыматтар айтылды. Ал эми укук коргоо органдары акциянын мыйзамсыз өткөрүлгөнүн айтышты. Сиздин оюңуз кандай?

-- Ооба, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ал митингди Америка уюштургандай жазышты. Айрымдар “артында Бабанов турган окшойт, анын адамдары жүрүшөт” дешти. Кээ бирөө бурмалап, “гейлер менен лесбиянкалар чыкты” дешти. Минткен өтө туура эмес. Митингге чыккандардын дээрлик көбүн билем мен. Алар жөн гана шаардыктар, ар кайсы тармактарда иштеген жаштар. Кээ бирлери бизнеси барлар, блогерлер, журналисттер. Менимче, өлкө ичинде болуп жаткан коррупцияга нааразы болуп, аны токтотуу керектигин талап кылып, бийлик ага реакция кылышын айтып чыгышты анын баары. Андан башка ойго буруунун кереги жок. Бизде да Россиядагыдай болуп баратат. Кимди жаман көрсө, ошону “Американын тыңчысы” дей салышат. Ал эми укук коргоочулар “митингди мыйзамсыз өттү” дегенге укуктары жок. Анткени, чыккан сот чечими бул митингге тийиштүү эмес.

-- Студенттерге конфет таратканыңыз айтылды. Максат эмне эле?

-- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Хайп, фейк маалыматтар жана троллдор бизди эмнеге алып баратат?” деген темада студенттер менен талкуу уюштурдук. Алар келечектеги журналисттер. Азыркы коомдо заманбап кандай тенденциялар болуп жатканын, алар бизге кандай таасирин тийгизгенин, саясатыбызда фейк маалыматтардын жана тролдордун ролу канчалык болуп атканын мен мисалдар менен келтирип, ортодо кызыктуу талкуу жараттык. Анан соңунда мен атайын алып барган конфеттеримди тараттым. Ал жерде эч кандай хайп жок. Жакшынакай эле ойдо тараттым. Угуп жатам, ар ким ар кандай ойлоп жатышыптыр. “Пососи” деген орусча, момпосуйга тийиштүү эле сөз. Башка кишилердин оюна эмне келгенин билбейм. Уят нерселер келсе, анда ал киши ошондой нерсени гана ойлонот. 


Динар ТУРДУГУЛОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер