Нуржигит Кадырбеков кезексиз президенттик шайлоону болжоп атабы? Айтор...
“Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков кыйын экен. Улам бир убактысын таап, аймактарды кыдырып, айылдагы элдер менен жолугушуу өткөрүп жүрөт. Быягы Талас, Чүй, Ат-Башы, Нарын, Ош... Сыягы, баардык облустарга, райондорго барууга кызыкдар болуп, карапайым калкка жакын экенин көрсөтүүдө. Арканды алыс ыргытып, эртеңки саясый келечегине бүгүн кам көрүүдө. Элдин маанайына жараша баарлашып, түздөн-түз байланыштарды күчөткөнү жөн жерден эмес го? Бийликтегилер бири-бирине карама-каршы сөз айтып аткан чакта, Кадырбеков кадырын өстүрүүнүн үстүндө иштеп, тили менен буудай кууруп, колдоочуларды көбөйтүү менен алек. Кезексиз президенттик шайлоону болжоп атабы, айтор, чоң күрөшкө тымызын даярдана баштаганын байкатууда. Ансыз да динчилдер катмары, бийлик менен оппозицияга ишенбегендер Нуржигит мырзага ооп баратканы жашыруун эмес. Кыскасы, эртеңки күнү алдыга суурулуп чыкчудай түр жаратууда...
"Азия Ньюс" гезити