Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Cултанбай Айжигитов: “Депутаттарга тоскоолдук кылуу – кылмыш иши болуп эсептелет”

Cултанбай Айжигитов: “Депутаттарга тоскоолдук кылуу – кылмыш иши болуп эсептелет”

28-апрель, 04:23
757 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Султанбай Абдрашитович, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун депутат Жалалидин Нурбаев жөнүндө айткан сөздөрү бүгүн парламентте чоң талкууну пайда кылды. Парламенттин сынга карата мындай реакциясы канчалык орундуу?

-- Бул жөн эле губернатордун орун басарынын айткан сөзү эмес. Ал губернатор менен макулдашпай, өзү билип эле сүйлөмөк беле? Бул саясый тенденция. Аткаруу бийлигинин айрым өкүлдөрү жагынан тенденция. Ал күчөп кете турган болсо... Иштеп жаткан депутаттарга тоскоолдук кылган, мыйзамга да каршы келген мындай аракеттер кылмыш иши болуп эсептелет. 

Экинчиси, бул аткаруу бийлигинин айрым өкүлдөрү тарабынан мыйзам чыгаруу бийлигин узурпациялоо белгилери. Жана Жанар Акаев чыгып айтпадыбы, “бирөө сүйлөп койсо эле комиссия түзө беребизби?” деп. Тескерисинче, комиссия түзүш керек. Изилдеп, саясый баа бирип, ошонун негизинде жазага тарталы. Бул тенденцияны токтотуш үчүн депутаттын статусу деген мыйзамга толуктоо киргизүү зарыл. Бул өтө коркунучтуу тенденция.

-- Анда губернатор же анын орун басары кайсы бир депутатты сындаганга укугу жокпу?

-- Андай фактылар болчу болсо, медиа талкууга алып чыкпай, тийешелүү органдарга бериши керек. Анын өзүнүн механизмдери бар да. Анан эчтекеси жок эле, жөн эле каралаган... Чын эле ошондой болсо, документтерди, далилдерди топто. Өткөрүп бер, тийешелүү органдар иликтейт.

-- Маалымдуулук, ачыктык принциби менен караганда кандай болот?

-- Каралоо менен ачыктык – экөө эки башка нерсе. Кандайдыр бир шегиң болсо, аны адегенде далилдеп, анан ачыкка чыгарыш керек. Ошондо ачыктык болот. Анан жөн эле айта берген – каралоо болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер