Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан Казакбаев: “Мындай апаатта биз дайыма боордош элибиздин жанында болобуз”

Руслан Казакбаев: “Мындай апаатта биз дайыма боордош элибиздин жанында болобуз”

12-февраль, 21:30
388 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиядагы кырсыктан кийинки абал, кырсык болгон аймактагы кыргыз жарандарынын жагдайы тууралуу айтып берди. 

-- Руслан мырза, абдан чоң табият кырсыгы болуп өттү. Өлкө элчилиги боордошторубузга кандай жардамдарды көрсөтүп жатасыздар? Биздин жарандар кабылган жокпу кырсыкка? Сиздерде дагы кандай кошумча маалыматтар бар?

-- Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук 4:17де, күндүз саат 13:24тө күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болуп өттү. Тилекке каршы, зилзаланын кесепетинен жети миңге жакын жаран каза болду. 22 миңден ашыгы ар түрдүү жаракат алышты. Алты миңден ашуун имарат, турак жайлар кыйроого учурады. Ошону менен бирге акыркы сааттарга карата 8 миңден ашык жаран имараттардын алдынан куткарылды. Учурда 400 миңге жакын түрк жараны ар түрдүү палаткаларга, үйлөргө, мектептерге, ЖОЖдордун имараттарына жана мечиттерге жайгаштырылды. Биздин жарандарга жана боордош түрк элине жардам берүү иретинде Анкара шаарындагы элчиликте, Анталия шаарындагы башкы консулдукта, Стамбул шаарындагы башкы консулдукта 24 саат бою иштеген штабдар ачылган. Эки суткадан бери дипломаттар иштеп жатышат. Ошол жердин 11 облусундагы биздин кыргыз жарандардын ал-акыбалын сурап, тактап, ар түрдүү суроолоруна жооп берип, ошондой эле кыйналып калган жарандарыбызга жардам берүү иштерин аткарып жатабыз. Зилзаланын кесепетинен кыйраган шаарларда биздин каттообуз, эсебибиз боюнча 200гө жакын биздин жарандар бар. Алар: студенттер, иштеп жүргөндөр жана түрк жарандары менен үй-бүлө кургандар. 

Учурда ачылган штабдарга биздин активисттер, ошондой эле студенттерибиз активдүү иштеп жатышат. Зилзаладан жабыркаган боордошторубузга жардам берүү боюнча Стамбулда, Анкарада, Анталияда жардам кабыл алуучу борборлор ачылды. Ал жерде жардамга муктаждар үчүн кийим-кече, тамак-аш, төшөнчү орундар жана акчалай жардамдар үчүн атайын эсептер ачылган. Мунун баарын ММКлардан билдирип жатабыз. Азыркы саатта жер титирөөнүн кесепетинен кыйраган 11 облустан, шаарлардан бизге 80ге жакын жараныбыз кайрылды. Активисттер, Түркиянын өзгөчө кырдаалдар кызматы менен түзүлгөн афаат бар. Зилзала болгондон бери Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Мерсин, Османие, Адыяман, Малатья, Шанлыурфа, Адана жана башка шаарлардагы кыргыз жарандары менен күнү-түнү байланышууга аракет кылып, тизмесин тактап, абалын билип жатабыз. Тилекке каршы, 6 жараныбыздын паспорту, акчалары, кийимдери кыйраган үйлөрдө калган экен. Аларга жардам берүү үчүн консулдарыбыз иш алып барууда. 27ден ашык жарандарыбыз түрк жарандары менен бирге убактылуу ар кандай чатырларда жашап жатышат. Аларга да Түрк өкмөтү менен бирге жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. 

Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынан 67 адамдан турган куткаруучу топ келди. Алар Газиантеп жана Кахраманмараш шаарларына жеткирилип, иштерин башташты. Жалпы жонунан Түркияга жардам берүү боюнча 45тен ашык мамлекет өз ниеттерин билдиришти. Россия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Европа мамлекеттеринен   келишти. Түркиядагы баардык жабыркаган жарандарга жардам берүү иштерин Реджеп Тайип Эрдоган өзү көзөмөлгө алууда. Түркиянын баардык өкмөт мүчөлөрү, министрлери ошол шаарларда штаб ачып иштешүүдө.

-- Учурда абал кандай, турукташып жатабы?

-- Биздин тышкы иштер министрлиги кечээ, бүгүн бүтүндөй кыргыз жарандарына кайрылдык эле. Көптөгөн жарандарыбыз консулдук каттоодо жок. Ошондуктан зилзала болуп өткөн шаарларда тааныштарыңар, туугандарыңар, досторуңар болсо, телефон аркылуу байланышып, ден соолуктарын, ал-абалын сурап, алардын телефон номурларын бизге – штабдарга берип койсоңор деп суранабыз. Кимдир бирөөлөр байланыша албай жатса, бизге маалыматтарын беришсин. Жардам көрсөтө тургандар болсо, президенттин тапшырмасы менен атайын эсептер ачылды. Бул жактагы элчиликтин да эсептери бар. Ушундай кыйын учурда жалпы кыргыз элибизге кайрылат элем: боордош түрк элинин жанында болуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, колдон келген жардамды аябайлы! Боордош түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер