Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мелис Турганбаевге каршы Жаныш Бакиев “аңчылыкка” чыктыбы?

Мелис Турганбаевге каршы Жаныш Бакиев “аңчылыкка” чыктыбы?

08-июль, 21:05
2 926 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы айларда экс-министр Мелис Турганбаев боюнча күч органдарынын ичинде, саясый тар чөйрөлөрдө кептер козуп, анын камалып кетүүсү боюнча каңшаарлар тарай баштады. “Алманбет Анапияевдин өлүмүн тергөөдө фальсификациялаганбы?” деген суроонун айланасында маселе козголушу мүмкүндүгү айтылып келет. Айрым генералдардын баамында, Мелис Турганбаевден душмандары өч алууга батынышканы, алардын ичинде Жаныш Бакиев да активдүү иштеп атабы? “Аңчылыкка” чыктыбы? Божомолдор күчөдү. Булар элдешкис душмандар экенин эскертмекчибиз. Соңку убактарда генералга кылмыш иши даярдалып, тийешелүү көрсөтмөлөр жетишпей жатканы чынбы? Айтор, коомчулукка көп нерсе ачыкталбай, ичтен кайнагандай сезилүүдө. Аныгында Мелис Турганбаев агынан жарылып, өзүнө карата күмөн саноолордун башын ачып, интервью бере алабы? Чоң резонанс жаралчудай. “Жатып өлгөнчө атып өл” дейт эмеспи. Каршылык көрсөтүүгө эрки жетеби? Баса, айрым билермандар Мелис Турганбаевдин чет өлкөдө баш калкалап жүргөнүн бекер жерден айтышпагандыр. Эмесе, кызык оюндар башталчудай. Албетте, көмүскө сырлардын ачылуусуна коомчулук кызыкдар... 


  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер