Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министрлик жер тилкеси качан мыйзамдаштырыларын айтты

Министрлик жер тилкеси качан мыйзамдаштырыларын айтты

08-июнь, 18:28
483 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мыйзамдаштырылган жерлерге кызыл китеп берүү иштерин сентябрь-октябрь айларында аяктоо пландалууда, азырынча мамлекеттик актылар бериле элек. Бул туурасында айыл чарба министрлигинин жер-суу ресурстары жана инспекция башкармалыгынын жетекчиси Адилет Расулов айтып берди. Ал “Sputnik-Кыргызстандын” маалымат борборунда өткөн "Садыр Жапаровдун кызыл китеп боюнча буйругу кандай аткарылып жатат?" деп аталган брифингге катышты.

Былтыркы жылдын соңунда президент Садыр Жапаров 2002-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда 25 миң гектар жердин трансформация болорун айткан. Анын айтымына караганда, Чүй жана Ош облустарында айыл чарба багытындагы жерлерге он миңдеген үйлөр курулган. Жапаров үйлөр менен жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча тийешелүү мыйзам кабыл алынгандыгын айткан.

Расуловдун айтымында, 1-апрелде жер мунапысы деп аталган мыйзам кабыл алынган. Ал эми 31-майда жобо бекитилип, анда президенттин тапшырмасын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын функциялары менен механизмдери жазылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер